Журналисттердин 27 эл аралык уюму АКШ бийлигин басма сөз эркиндигин коргоого жана АКШнын Глобалдык медиа агенттиги (USAGM) аркылуу башкарылган же каржыланган мекемелердин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоого үндөдү.
USAGM "Эркин Европа/Азаттык" радиосун, "Эркин Азия" радиосун, "Америка Добушу" радиосун жана башка медиа уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт.
14-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп USAGMдин ишмердүүлүгүн кыскартуу тууралуу буйрукка кол койгон. Бул чечимден кийин АКШ Конгресси тарабынан бекитилген, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ишмердүүлүгүн каржылаган грантты токтотуу тууралуу билдирүү жарыяланган.
Эл аралык уюмдардын биргелешкен билдирүүсүндө бул медиалардын көптөгөн кызматкерлери "өтө катаал режимдердеги окуяларды чагылдырууда олуттуу коркунучка дуушар болуп жатканы" белгиленет.
"Бул уюмдарды жоюу басма сөз эркиндигине оор сокку жана дүйнө жүзүндөгү автократтар үчүн чоң белек болот. "Эркин Европа/Азаттык" радиосун, "Эркин Азия" радиосун, "Америка Добушу" радиосунун жана башка уюмдардын журналисттери көп учурда катуу цензура киргизилген же кооптуу өлкөлөрдө бийликтин куугунтугуна кабылышат", – деп айтылат 19-мартта жарыяланган документте.
Эл аралык журналисттик уюмдар басма сөз эркиндигин жана өкмөттүн кийлигишүүсүз иштей ала турган эркин жалпыга маалымдоо каражаттарын колдой турганын белгилешти.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу – 1953-жылдан бери иштеп келе жаткан көз карандысыз медиа корпорация.
Аталган мекеме USAGMге жана анын жетекчилери Кэри Лейк менен Виктор Моралеске каршы сотко арыз менен кайрылды.
Доо арызда Конгресс тарабынан бөлүнгөн каражаттан "Эркин Европа/Азаттык" радиосун ажыратуу АКШнын федералдык мыйзамдарын, анын ичинде АКШ Конституциясын бузары белгиленген.
Анткени Конституция федералдык чыгымдар боюнча чечим кабыл алуу укугун Конгресске гана ыйгарат.
"Азыр Америкага каршы пропагандага жана цензурага баш ийчү учур эмес. Мыйзам биздин тарапта деп ишенебиз жана дүйнө жүзүндөгү диктаторлор биздин жок болуубузду эрте эле майрамдап жиберди", – деп билдирди радионун президенти Стив Капус.
Шерине