Бүгүн, 20-мартта Баткен облусунда төрт мектеп, бир бала бакча жана үч билим берүү, үч үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттары расмий ачылды. Ага президент Садыр Жапаров катышты. Мамлекет башчы Баткен шаарындагы И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-дарылоо жана илимий комплексинин салтанаттуу ачылышына катышып, башка 7 объектинин ачылышын аралыктан баштап берди.
Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, билим берүү мекемелеринин курулушу республикалык бюджеттен каржыланды. Окуучуларга кесипке багыт берүү, компьютердик бөлмөлөр, китепкана, спорт эмеректери менен спорт залы, жыйындар залы салынган.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун имараттарын "CASA-1000" долбоорунун алкагында, АРИС уюмунун жардамы менен курган.
Жапаров 20-21-мартта жумуш сапары менен Баткен жана Ош облустарында болот. Ал Кара-Суу районунун Таш-Арык айылында кыш заводдун ачылышына, Ош шаарында Ноорузду майрамдоого катышат. (JsA)
Шерине