Баткен районундагы Тажикстан менен алмашылган Достук айылынын тургундары үчүн 71 үйдүн курулушу алдыдагы үч ай аралыгында бүткөрүлөт. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, калган үйлөр боюнча чечим кабыл алына элек.
"Комиссия чечим кабыл алып, кайсыл жерге курууну чечсе ишти баштайбыз", - деди ал.
Баткен облусу боюнча жалпысынан 253 үй жайгашкан аймак Тажикстан менен алмашылган. Алардын 179у Баткен району, 74 үй Лейлек районунда.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 19-мартта Жогорку Кеңеште Лейлек районундагы айылдардан көчө турган тургундар үчүн кыргыз тарапка өткөн Кайрагач аймагында турак жай салынарын билдирген.
Ташиев Достук айылы сууну толугу менен Тажикстандан алып, туруктуу 30-40 үй-бүлө жашап келгенин белгилеген. Ал айылда кожолугу барлардын бардыгына Чет-Булактан 10 сотыхтан үй курууга жер берилерин айткан. Мындан сырткары келечекте үй салганга деп кошумча 10 сотых, Кызыл-Белден айыл чарбага үлүш катары 9 сотых жер берилерин кошумчалаган.
14-мартта Баткен району боюнча 179 үй жайгашкан жер алмашылып жатканы маалым болгон Район акими Данир Иманалиев ал кезде Достук айылынан 70, Таш-Тумшуктан 59, Көк-Теректен 17, Масейитте 17 үй жайгашкан жер алмашыларын тактаган.
Жогорку Кеңештин 19-марттагы жыйынында депутаттар кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда бир карап, кабыл алды.
13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол коюп, аны “тарыхый” деп баалашкан.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.
Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатактар чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (JsA/КЕ)
Шерине