Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:17

Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү 23-мартта Жиддада өтөт


АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф.
АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф.

Украинадагы ок атышууну токтотуу боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр Сауд Арабиясынын Жидда шаарында 23-мартта өтөт. Бул тууралуу АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф Fox News телеканалына курган берген маегинде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Жиддага АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтц баштаган делегация барат.

Уиткофф Жиддада кайсы өлкөнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр боло турганын тактаган жок. Бирок айрым маалыматтарга караганда, ал жакка Орусиянын делегациялары барышы мүмкүн.

Буга чейин эки тараптын өкүлдөрү 18-февралда Эр-Рияд шаарында жолугушкан. Анда Орусиянын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Сергей Лавров, президенттин жардамчысы Юрий Ушаков жана Орусиянын Түз инвестициялар фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриев болгон.

Американын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путин 18-мартта телефондон эки сааттан узак сүйлөшкөн.

Ак үйдүн билдирүүсүнө ылайык, "президент Трамп жана президент Путин Украинада тынчтык орнотуу жана ок атышууну токтотуу зарылдыгы жөнүндө сүйлөшкөн".

Ошондой эле, "тынчтыкты орнотууга болгон кадамдар" алгач энергетикалык инфраструктурага соккуларды токтотуудан жана Кара деңизде ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдөн башталары белгиленген.

Кремлдин маалыматына караганда, орус тарап Украинадагы энергетикалык объектилерди 30 күн аткылабоо боюнча Американын сунушун колдогон.

Кремль ошондой эле Путин "чет өлкөлөрдүн Украинага аскердик жардамын жана чалгын маалыматтарын берүүсүн толук токтотуу, жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуунун негизги шарты" катары талап кылганын билдирди.

Анткен менен Трамп кечээги телефондук сүйлөшүү учурунда Владимир Путин менен АКШнын Украинага аскердик жардам көрсөтүүсүн токтотуу маселеси талкууланбаганын айтты.

"Биз көп нерсени сүйлөштүк, бирок жардам маселеси талкууланган жок", – деди ал.


Шерине

XS
SM
MD
LG