Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештеги кыргыз-тажик чек арасын тактоо келишими каралган комитеттердин биргелешкен жыйынында билдиргендей, чек араны тактоодо тажик тарап менен алмашылган айылдардан Баткен облусу боюнча жалпы 253 үй-бүлө көчүрүлөт. Лейлек районундагы айылдардан көчө турган тургундар үчүн кыргыз тарапка өткөн Кайрагач аймагында турак жай салынат.
Буга чейин 14-мартта Баткен району боюнча 179 үй жайгашкан жер алмашылып жатканы маалым болгон. Бул тууралуу район акими Данир Иманалиев билдирип, Достук айылынан 70, Таш-Тумшуктан 59, Көк-Теректен 17, Масейитте 17 үй жайгашкан жер алмашыларын тактаган.
Жогорку Кеңештин 19-марттагы жыйынында депутаттар кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда бир карап, кабыл алды.
Ушул эле күнү Жогорку Кеңештеги комитеттердин биргелешкен жыйыны өтүп, анда Камчыбек Ташиев баяндама жасап, суроо-жооп болгон. Мындан улам төрага Нурланбек Тургунбек уулу жалпы жыйында баяндамасыз жана талкуусуз эле дароо добуш берүүгө өтүүнү сунуштап, колдоо тапты.
13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол коюп, аны “тарыхый” деп баалашкан.
27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитети биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоорун колдогон.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.
Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатактар чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (TAb)
Шерине