Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:00

Эркеайым Сейтказиева Ысык-Атага аким болуп дайындалды


Кыргызстан, Бишкек. Жаңы Ак үйдүн имараты
Кыргызстан, Бишкек. Жаңы Ак үйдүн имараты

Эркеайым Сейтказиева Ысык-Ата районуна аким болуп дайындалды. Мындай буйрукка президент Садыр Жапаров 19-мартта кол койду.

Ага ылайык, районду мурда башкарып келген Эрмекбай Омошев Талас районунун акими болуп дайындалган.

32 жаштагы Эркеайым Сейтказиева өкмөттүн алдындагы Жер ресурстары, кадастр, картография жана геодезия боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген. Ага чейин Министрлер кабинетинин аппаратында эмгектенген.

Шерине

XS
SM
MD
LG