Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:00

Аба ырайы: күн ачык болот


Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 20-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй облусунун чыгыш тарабында 14 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25;

Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 9…14.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 7…9°, күндүзгү температурасы 24…26° болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG