Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында “Головной” жайындагы суу бөлүштүрүү мурдагыдай эреже менен улана турганын билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин комитеттеринин 19-марттагы биргелешкен жыйынында айтты.
Ташиев “Головнойдогу” суунун 50 пайызга жетпегени Тажикстанга, 20 пайызы Өзбекстанга жана 30 пайызы Кыргызстанга агарын билдирди.
“Головнойдогу үч шлюздун 1,5 шлюзу бизде калып, калган 1,5 шлюзу тигилерге кетти. Биз төрт метр жерди бериш үчүн 750 гектар жерди алдык. Ал Чоң-Алай районунан Караганды-Сай участогунан 500 гектар, Лейлек районундагы Кароол-Дөбөдөн 100 гектар жана Катта-Туз участогунан 150 гектар жер алдык. Бирок сууну бөлүштүрүү мурдагы бойдон калат, өкмөт аралык келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Демаркация кылган маалда сүйлөшүп, сууну бөлүштүрүүнү электрондук ыкма менен жүргүзүүнү ойлонуп жатабыз. Ал жерде чогуу оңдоо иштерин жүргүзүп, андан соң электрондук эсептегичтерди коюп, кимге канча суу кетип жатканын компьютерден эле карап турабыз”, - деди Ташиев.
Баткен районундагы Ак-Суу дарыясы Түркстан тоо кыркаларынан башталып, Тажикстандын Ворух анклавын аралап агып, "Головной" деген аталыш менен белгилүү суу бөлүштүргүч жайга түшөт.
60 куймасы бар бул дарыя ошол жерден Кыргызстан менен Тажикстанга бөлүнөт. Кыргызстандын каналы келип Төрт-Гүл суу сактагычына куюп, андан ары бир нече айыл аймактагы 10 миң гектардай жерди сугарат.
"Головнойдун" жогору жагынан бөлүнгөн, Ак-Суу дарыясынын батыш тарабынан кеткен дагы бир канал аркылуу суу Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына барат. Мындан сырткары чектеш тилкелерде жайгашкан айрым айылдарга Ак-Суудан кичине арыктар аркылуу агып кирет. Дарыя андан ары агып, Өзбекстанга чейин жетет.
19-мартта Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо маселеси каралып жатат.
13-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон.
27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитети биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоорун колдогон.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.
Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатактар чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (TAb)
Шерине