31-марттан тартып CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы Датка-Согд линиясына жарык бериле баштайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, CASA-1000 боюнча Кыргызстандын аймагындагы курулуш толугу менен аяктады. Датка-Согд линиясынын чыңалуусу 500 кВны түзөт.
CASA-1000 Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоо багытында ишке ашып жаткан долбоор. Анын баштапкы этабын бир нече эл аралык донор 2014-жылы жактырган жана чечим 2018-жылдан баштап күчүнө кирген.
Курулушту ишке ашыруу үчүн Кыргызстан Дүйнөлүк банкка караштуу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 38,25 миллион доллар, Европа инвестициялык банкынан 70 миллион евро жана Ислам өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар насыя алары кабарланган. Долбоордун жалпы наркы 1,17 млрд долларга бааланган.
Тажикстан долбоор алкагында өз аймагында курулуучу линияларды 2016-жылы сала баштаган. Кыргызстандагы линиялардын курулушу 2021-жылдын апрелинде жанданган.
Шерине