19-марттан 23-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоолордогу жолдорго кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү жана көчкү куюлмалары пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрилиги эскертүүдө.
Маалыматка ылайык, кар көчкү Бишкек – Ош жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларына, Чычкан капчыгайына, Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусуна түшүүсү ыктымал.
Аталган мекеме жолдор тайгак болуп, муз тоңорун, кырсыктарды болтурбоо жана алдын алуу үчүн унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын белгилөөдө.
22-январда Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашуу туннелинин алдында эки жолу кар көчкү түшүп, алты жеңил автоунааны жана “Спринтер” үлгүсүндөгү бир унааны басып калган. Алардын ичинен бир жеңил машина толук көчкү алдында калган.
Куткаруучулар кар көчкүнүн алдында калган автоунаадан төрт жаранды алып чыгышкан. Эс-учун жоготкон аял “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилген. Көчкүнү тазалоо иштери жана башка тилкелерде карды атып түшүрүү иштери күчөтүлгөн.(КЕ)
Шерине