Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:45

Стамбулдун оппозициячыл мэри Экрем Имамоглу кармалганы кабарланды


Экрем Имамоглу
Экрем Имамоглу

Түркиянын Стамбул шаарынын мэри, оппозициячыл саясатчы Экрем Имамоглу кармалганы кабарланды. Бул тууралуу бир нече түрк маалымат каражаттары жазууда.

CNN Түрк каналынын кабарлашынча, 19-март таң эрте Стамбул мэринин үйү тинтилип, андан соң полиция кызматкерлери Имамоглуну кармап кетишти. Айрым маалымат каражаттары саясатчы коррупциялык иштерди иликтөөнүн алкагында кармалганын жазышууда. Имамоглу менен чогуу маалымат катчысы баш болгон Стамбул мэриясынын 100гө жакын кызматкерин укук коргоо органдары кармап кеткени белгилүү болду. Экрем Имамоглу мүчө болгон оппозициячыл Республикалык- элдик партиянын айрым мүчөлөрү Стамбул мэрине "пайда табуу максатында кылмыштуу топ уюштурган" деген айыпка шектелиши мүмкүн экенин айтып чыгышты.

Укук коргоо органдары анын кармалышынын расмий себебин ачык айта элек.

54 жаштагы Экрем Имамоглу Стамбулдун мэрлигине экинчи жолу былтыр шайланган. Ал Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын башкы атаандашы болгон оппозициячыл саясатчы. Имамоглу 2027-жылы өтчү кийинки президенттик шайлоого оппозициянын атынан катышарын жарыялап, тарапташтары менен жолугушууларды уюштуруп келген.

Бир күн мурун Имамоглунун Стамбул университетин аяктаганы боюнча диплому жараксыз деп табылганы кабарланган. Түрк мыйзамдарына ылайык, өлкө президенттигине жогорку билими бар адам талапкер боло алат.

Шерине

XS
SM
MD
LG