Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:48

Депутат Айжигитов фракция лидери Ашимованы "кызмат абалынан пайдаланды" деп сындады


Султанбай Айжигитов.
Султанбай Айжигитов.

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери Динара Ашимованы "кызмат абалынан аша чапты" деп, кечирим суроосун талап кылды. Бул тууралуу Айжигитов бүгүн 19-мартта аталган фракциядан чыгарылганына байланыштуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында сүйлөгөн учурда айтты. Мунун алдында ал 10 мүнөт сөз сүйлөөгө уруксат сурап, депутаттар аны колдоду.

"Фракция лидеринин депутатты фракциядан чыгарууга укугу жана андай бийлиги жок. Эл өкүлүнүн ишмердүүлүгүн караган документтерде депутатты фракциядан чыгарып салуу деген түшүнүк жок. Фракциянын чечимдери буга каршы келбеши керек. Мындай ыйгарым укугунун жоктугуна карабай депутат Айжигитовду көз карандысыз пикири үчүн фракциядан чыгаруу маселесин алып чыкты. Муну менен депутаттын мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарына карабай Ашимова өзүнүн кызмат абалынан аша чапты", - деди ал.

Айжигитов кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу фракциянын эмес, өзүнүн жеке, аксакалдык пикирин билдиргенин айтты. Ал эл шайлаган депутат өзүнүн пикирин эркин билдирүүгө укуктуу экенин белгилеп, аны "сөзсүз эле фракция менен макулдашуунун кереги жок" экенин айтты.

"Ыйман Нуру" фракциясынын лидери Динара Ашимова Айжигитовдун айткандарына жооп бере элек.


Буга чейин эки күн катары менен (12-13-мартта) Султанбай Айжигитов парламенттин борбордук трибунасынан 10 мүнөт сөз сүйлөөгө уруксат сурап, ал четке кагылган.

Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор ачыларын” билдирген.

Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча макулдашуу тууралуу мындай билдирүүсүнөн кийин аны фракциядан чыгарган.

Президент Садыр Жапаров бул маселе боюнча “Кабар” улуттук маалымат агенттигине интервью берип, чек ара түбөлүккө чечилип жатканын жана эки тараптын кызыкчылыгы тең эске алынганын айтып, Айжигитовдун сөзүн четке каккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында Достук айылы Тажикстанга толук берилип, Кыргызстан ага жараша жер жана айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан дагы 30 гектар кошумча жер алып жатканын айткан.

Достук – район борбору Баткенден 40 чакырымдай түндүк-батышта, Тажикстандын Исфара–Ворух жолуна жакын жайгашкан чакан айыл. 70тей турак жай бар. 2021-жылдагы чек ара жаңжалында он чакты үй талкаланып, кайра курулган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG