Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:08

Президент Жапаров ЕБге "жашыл" демилгелер багытында кызматташууну сунуштады


Бишкек. 17-март, 2025-жыл
Бишкек. 17-март, 2025-жыл

Президент Садыр Жапаров 17-мартта Европа Биримдигинин эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары Йозеф Сикела менен жолугушту. Президенттин администрациясы билдиргендей, жолугушууда стратегиялык кызматташтыктын негизги маселелери талкууланды.

Президент Жапаров өлкөдө соңку төрт жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу айтып, Кыргызстан көз карандысыздык алгандан бери Евробиримдик ишенимдүү өнөктөш болуп келатканын белгиледи.

Евробиримдикке "жашыл" демилгелерди, жаратылыш кырсыктары учурунда эрте кабарлоо системаларын, энергиянын кайра калыбына келчү булактарына өтүүнү илгерилетүү боюнча кызматташууну сунуштады.

Сикеланын сапарынын алкагында каржы келишимине кол коюлду. Анда кыргыз өкмөтү, Евробиримдик жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанда ирригацияга инвестицияларды көбөйтүү боюнча жаңы программаны ишке киргизүү жөнүндө меморандум бар. Программа сууну үнөмдөөчү технологияларды жана инновациялык чечимдерди киргизүүгө багытталган, алар өлкөдө айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Йозеф Сикела Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара жөнүндө макулдашууга токтолуп, ал аймактагы тынчтык үчүн чечүүчү маани ээ экенин айтты. Евробиримдик аймактык интеграцияны жана Борбор Азия менен Европанын ортосундагы өз ара байланышты жактай турганын белгиледи.

“Кыргызстандын энергиянын кайра калыбына келчү булактарында чоң потенциалы бар жана ЕБ аймакка туруктуу жана узак мөөнөттүү пайда алып келген долбоорлорду колдоого жана бул потенциалды ишке ашырууга даяр. Менин сапарымда макулдашылган демилгелер буга сөзсүз жардам берет”, - деди Йозеф Сикела.

2024-жылы 25-июнда “Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол коюлган. Бул документ 1999-жылкы Бишкек-Брюссел ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу келишимди алмаштырат.

Шерине

XS
SM
MD
LG