Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Иллинойс штатында киши колдуу болгон кыргызстандык жубайлардын жана алардын уулунун сөөгү 17-мартта Кыргызстанга жеткирилгенин билдирди.
Кыргызстандын Чикагодогу башкы консулдугу маркумдардын жакындары жана АКШнын укук коргоо органдары менен байланышта. АКШнын укук коргоо органдары тергөө иштери жүрүп жатканы үчүн окуя тууралуу кеңири маалымат берген эмес.
АКШда кыргызстандык үй-бүлө киши колдуу болгону тууралуу маалымат 8-мартта белгилүү болгон. Маалыматка караганда, жубайлар Бермет Анварбекова менен Азамат Доронбеков беш жаштагы уулу болуп Иллинойс штатындагы Орора шаарында жашачу.
Доронбеков 45 жашта, жубайы 47 жашта эле. Алардын социалдык тармактагы баракчасында жубайлар логистикалык компания иштеткени жазылган.
АКШдагы кыргызстандыктардын көбү Иллинойс штатында жашайт. Расмий маалымат боюнча алардын саны 40 миңден ашат. Бейрасмий маалыматтарда мындан көп экени айтылат.
Шерине