Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Сейсмология институтуна шилтеме берип, 12-мартта саат 9:11де Кыргызстандын аймагында жер титирөө болгонун кабарлады.
Жердин силкинүүсү Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк, Таштак, Нариман, Кыргыз-Чек айылдарында 5 баллга чейин, Кара-Суу шаарында 4 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.
9-мартта Кыргызстанда эки ирет күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Январь айында өлкөнүн түштүк тарабында, Ош, Жалал-Абад облустарында бир нече ирет жер силкинген. (BTo)
Дагы караңыз
Шерине