Кошмо Штаттардын Коопсуздук кызматынын башына Шон Карран дайындалды. Ал былтыр жайда Пенсильвания штатында шайлоо алдындагы митинг маалында Трампка ок атылган кезде ал үчүн төшүн тоскон жан сакчылардын бири болгон.
10-марттын кечинде ал Ак үйдө ант берип, кызматка киришкенин Fox News телеканалы кабарлады. Аземге Трамп өзү жана АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм катышкан.
Трамп 13-июлда Батлер шаарында шайлоо өнөктүгүнүн алкагында тарапташтарынын алдында сүйлөп жаткан маалда ага ок атылган. Президенттикке талапкер күтүүсүздөн башын бура калып, ок анын кулагынын учун кыйгап өткөн.
Ок Трамптын артындагы трибунада отурган 50 жаштагы Кори Комператорго тийип, ал ошол жерден жан берген. Андан тышкары дагы эки адам олуттуу жараат алган.
Көп өтпөй Трампты 20 жаштагы Томас Мэтью Крукс аттуу америкалык жаран жакын жердеги өндүрүш имаратынын чатырынан атканы аныкталган. Аны Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жок кылган. Шектүүнүн жанынан AR-15 куралы табылган. Ал эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз бойдон калды.
Карран ант берип жаткан маалда Кристи Ноэм анын эр жүрөктүүлүгүн баалап, "президент Трамптын өмүрүн сактап калуу үчүн өз өмүрүн тобокелге салганын" белгиледи. Министрдин айтымында, бул агенттин өз ишине берилгендигин айгинелейт.
Шерине