Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:44

Филиппиндин мурдагы президенти Родриго Дутерте кармалды


Филиппиндин мурдагы президенти Родриго Дутерте. 6-октябрь, 2017-жыл.
Филиппиндин мурдагы президенти Родриго Дутерте. 6-октябрь, 2017-жыл.

Филиппиндин мурдагы президенти Родриго Дутерте 11-март күнү таң эрте Гонконгдон учуп келип, Манила аэропортуна конгондон кийин кармалды. Филиппин президентинин кеңсеси анын кармалышы Эл аралык кылмыш соту чыгарган ордердин негизинде ишке ашканын билдирди.

Маниланын Интерполу ордердин расмий көчүрмөсүн алган. Бул тууралуу Manila Bulletin басылмасы расмий документтерге таянып билдирди.

Эл аралык кылмыш соту карап жаткан ишке ылайык, 79 жаштагы Дутерте сот-сопкутсуз жазалоо менен адам укуктарын бузууга барган деп шектелүүдө. Маалыматка караганда, ал бул кылмыштарга президент болуп турган кезде маңзат картелдерине каршы күрөш учурунда маалда барган болушу мүмкүн.

Филиппиндик укук коргоочулар белгиленгендей, сотсуз жазалоолордо алты миңден ашуун адам өлтүрүлгөн. Дутерте өзү маңзат соодасы менен алектенгендерди өлтүрүүгө ачык чакырып келген жана өз колу менен маңзат таратууга шектелген үч кишини өлтүргөнүн билдирген.

Родриго Дутерте 2016-2022-жылдары Филиппиндин президенти болгон. Учурда анын кызы Сара Дутерте-Карпио вице-президенттик кызматты ээлейт, бирок февраль айында ага импичмент жарыяланган.

Дутерте президент болуп турган кезде Филиппин мамлекети Эл аралык кылмыш сотунун негизин түзгөн Рим статутунан чыгып кеткен.

Шерине

XS
SM
MD
LG