Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет
Бишкекте млекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмү кабарлады. Бул чек ара чырына байланыштуу эки өлкөнүн мамилеси начарлап кеткенден бери Рахмондун Кыргызстанга биринчи сапары болот. 27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоору колдоо тапкан. Кыргыз-тажик алакасы 2021-жылдын апрель айында чек арада болгон кандуу окуядан кийин солгундап кеткен. Мындан улам эки өлкө чек арасын бир тараптуу жапкан.
Садыр Жапаров: “Бакиевди камабасаңар өткөрүп берели” деп жатышат
Жапаров Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев Кыргызстанга келсе камакка алынарын айтты. “Ал эми Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.“Эгер камабасаңар өткөрүп берели” деп жатышат. Сапар Исаков боюнча дагы ушундай эле маселе. “Камабасаңар бүгүн өткөрүп берүүгө даярбыз” дешти. Биз ойлонуп жатабыз”, - деп кошумчалады. Кыргызстандан чет өлкөгө күч менен чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров жеке булактарына шилтеме берип, “Максим Бакиев Кыргызстанга учуп келгенин, аны УКМКнын кызматкерлери коштоп жүргөнүн” Фейсбуктагы баракчасына жазган. УКМК маалыматты четке каккан. “Апрель окуясы” боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев жана Максим Бакиев өмүр бою соттолгон.
“Социал-демократтардын” мүчөлөрүнүн иши сотко өттү
Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин ишин тергеп бүтүп, Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүп берди.Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна “Социал-демократтардын” мүчөсү Кадырбек Атамбаев ырастады. Анын сөзүнө ылайык, баштапкы соттук отурум 13-мартка дайындалды. Ал партиянын камактагы үч мүчөсүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча да айып угузулганын жана ишке коюлган “жашыруун” делген гриф алынбаганын кошумчалады. Алар 2024-жылы ноябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган. Шектүүлөр коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап келишет.
Бишкекте 1-класстын айрым окуучулары бала бакчалардын имараттарында окуйт
Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева ушул тапта Бишкекте 120 мектепте 238 миңден ашык окуучу билим алып жатканын айтты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлап, алардын ичинен 24 миң 840 бала 1-класста окуп жатканын билдирди. Расмий маалымат боюнча, сентябрда 2025-2026-окуу жылында 2-класстын окуучуларынын саны 25 миңге жетет деп күтүлүүдө. Ал эми 1-класска кире турган балдардын саны такталып жатат. “Алардын баарын мектептердин имараттарына батыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги менен 1-класста балдарды бала бакчалардын имаратында окутуу боюнча макулдашылууда”,- деди Рахат Мусаева.
Сауд Арабиясында Украина-АКШ делегацияларынын сүйлөшүүлөрү башталды
Жидда шаарындагы сүйлөшүүгө Украина президентинин администрациясынын башчысы Андрей Ермак, тышкы иштер министри Андрей Сибига, коргоо министри Рустем Умеров жана президенттин кеңсесинин жетекчи орун басары Павел Палиса катышууда. АКШ делегациясынын курамына мамлекеттик катчы Марко Рубио, АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц жана Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф кирет. Дүйшөмбүдө Жиддага Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен жолугушууга келген Украина президенти Владимир Зеленский сүйлөшүүлөргө катышпайт.
Москвага жана Москва облусуна жасалган дрон чабуулунан үч адам каза болуп, ондон ашууну жараат алды
Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев Домодедоводо машина токтотуучу жайда 38 жаштагы киши набыт болгонун, ошол эле жерде жараат алган эки киши ооруканада көз жумганын Телеграм-каналына жазды. Дагы үчөө жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Дрон сыныктарынан жабыркагандардын арасында төрт жаштагы бала бар. Раменское шаарында беш адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. Шаардагы көп кабаттуу үйдө жети батир жабыркаганын жергиликтүү бийлик билдирди. Москва мэри Сергей Собянин өзүнүн Telegram-каналы аркылуу маалымдагандай, 70тей украин дрону абадан жок кылынды. “Росавиациянын“ маалыматына ылайык, дрон чабуулунан улам Москвадагы Жуковский жана Домодедово аэропорттору убактылуу ишин токтотту. Кийинчерээк Внуково аэропорту да учактарды кабыл албай, каттамдар кыска мөөнөткө токтогонун билдирди.
Филиппиндин мурдагы президенти Родриго Дутерте Гаагага учак менен жөнөтүлдү
Philippine Star гезити жогорку даражалуу полиция кызматкерине таянып, 79 жаштагы ДутертеНидерланддын Гаага шаарына бараткан учакта экенин жазды. Бирок расмий булактар анын Гаагага жөнөтүлгөнүн ырастаган жок. Бул шаарда Эл аралык кылмыш сотунун кеңсеси жайгашкан. Дутертенин кызы атасы учакка отургузулганын, бирок үй-бүлөсү анын кайда жөнөтүлгөнүн билбей турганын "Инстаграм" баракчасына жазды. Эл аралык кылмыш сотунун маалыматына ылайык, Дутертеге "адамзатка каршы кылмышка баруу, киши өлтүрүү" боюнча айып тагылган. Аны полиция 11-мартта таң эрте Гонконгдон кайтып келгенде Манила аэропортунда кармап кеткен. Эл аралык кылмыш соту Дутертенин 2016-2022-жылдары Филиппин президенти жана ага чейин Давао шаарынын мэри болуп турганда жүргүзгөн "маңзатка каршы согушун" 2018-жылдан бери иликтеп келет. Бул операцияда негизинен миңдеген эркек жок кылынган.
Нукус шаардык сотунда Казакстан менен Орусиядан былтыр жыл соңунда депортацияланган каракалпак активисттеринин иши карала баштады
Активисттер Каракалпак жумуриятынын (Өзбекстанга караштуу) борбор калаасы Нукустагы убактылуу кармоочу жайларда отурат. Расмий маалыматка ылайык, алар чет өлкөдөн өз ыктыяры менен кайтып келишкен. Фонд билдиргендей, 7-мартта Жеткербай Абдрамановдун иши боюнча соттук угуулар башталды. Ал "мамлекеттик түзүлүштү мыйзамсыз өзгөртүүгө ачык чакырган", "интернет аркылуу коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген материалдарды таркаткан" жана "тыюу салынган уюмдарга катышкан" деп айыпталууда. Абдраманов 2022-жылдын июнь айында Өзбекстандын Конституциясына киргизиле турган өзгөртүүлөргө каршы Алматы шаарында добуш топтоп, өзбек атайын кызматтарынын көзүнө илинген. 2023-жылдын башында Казакстандан миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн депортацияланган активист бир нече өлкөдөн баш калка сураганга аракет кылган. Ал Европага Москва аркылуу чыгып кетүүгө аракет кылганда кармалган.
Казакстан "Баку–Тбилиси-Жейхан" аркылуу мунай экспортун көбөйтүүнү пландоодо
Казакстан "Баку – Тбилиси – Жейхан" кууру аркылуу мунай экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен Астанадагы сүйлөшүүлөрдө билдирди. "Өткөн жылы бул куур аркылуу 1,4 миллион тонна мунай экспорттолгон. Келечекте бул көрсөткүчтү жылына 2,2 миллион тоннага жеткирүүнү пландап жатабыз", – деп билдирди Нуртлеу. Казакстандын "Баку – Тбилиси – Жейхан" кууруна кызыгуусу Украинадагы согуштан кийин күч алды. 2023-жылдын апрелинде Казакстандын президенти Токаев Азербайжанга барып, Орусияны айланып өтчү Транскаспий коридорун өнүктүрүүнү макулдашкан. 2023-жылы "Баку – Тбилиси – Жейхан" 1,5 миллион тонна казак мунайын кабыл алган.
Шерине