Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети 11-марттагы жыйынында Министрлер кабинети сунуштаган “Уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
Мыйзам долбоорунда кылмыштуу топтун мүчөсүн каттоо, анын мүлкүн текшерүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, каржылоосун, криминалдык идеологияны аныктоо сыяктуу беренелер жазылган. Долбоордо криминалдык идеологияны пропагандалоого тыюу салынып, адам өзүнүн криминалдык иерархиядагы макамын жарыялоого жол берилбейт.
Өкмөт 2023-жылы декабрда уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө жазаны катаалдаштырган жаңы мыйзам долбоорлорун сунуштаган. Ал документ кабыл алына элек.
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн жана ал мыйзамсыз тапкан делген мүлкү мамлекетке алынган. Бул окуядан кийин өлкөдө уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар делген бир нече адам кармалган.
Президент Садыр Жапаров буга чейин Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор толугу менен жок кылынганын билдирген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да ушундай эле сөздөрдү бир нече жолу айткан. (BTo)
Шерине