Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева ушул тапта Бишкекте 120 мектепте 238 миңден ашык окуучу билим алып жатканын айтты.
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлап, алардын ичинен 24 миң 840 бала 1-класста окуп жатканын билдирди. Расмий маалымат боюнча, сентябрда 2025-2026-окуу жылында 2-класстын окуучуларынын саны 25 миңге жетет деп күтүлүүдө. Ал эми 1-класска кире турган балдардын саны такталып жатат.
“Алардын баарын мектептердин имараттарына батыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги менен 1-класста балдарды бала бакчалардын имаратында окутуу боюнча макулдашылууда. Себеби булар муниципалдык имарат болгондуктан, бала бакчанын имаратын ижарага алуу деген жок. Имараттар бекер берилет. 1-классты балдар бала бакчада окутулат жана ата-эненин каалоосу менен бала бакчада кечкиге чейин кала болот”, - деди ал.
Билим берүү жана илим министрлиги санитардык-гигиеналык норма боюнча 1-класста балдар үч сааттан ашык окубай турганын, бир күндө 1 саат 20 мүнөт окуп, ортодо эс алса болорун кошумчалады.
Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүү боюнча “Алтын казык” деп аталган жаңы мамлекеттик программаны сунуштаган. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган.
12 жылдык окуу быйыл ишке ашып, 2025-2026-окуу жылында 5,5-6 жашка толгон балдар 12 жылдык мектептин 1-классында окуй баштайт. Бала бакчага барган жана мектептердеги “Наристе” программасын өткөн балдар жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 2-классына өтөт. (BTo)
Шерине