Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:45

ӨКМ өрт коопсуздугуна байланыштуу 110 ооруканага эскертүү берди


Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту. Кырсык болгон күндүн эртеси тартылган сүрөт.
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту. Кырсык болгон күндүн эртеси тартылган сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Кыргызстанда 110 оорукана текшерилип, өрт коопсуздугу боюнча эскертүүлөр берилгенин билдирди.

Анын жыйынтыгында, бейтапканаларда өрт өчүрүүчү алгачкы каражаттардын жетишсиздиги, суу өтүүчү түтүктөрдүн эски экени, электр энергиясын бөлүштүрүүчү түйүндөр ачык турганы, эвакуациялык кошумча эшиктер, жолдор жабык экени аныкталган.

ӨКМ бул бузууларды жөнгө салууга 30 күн убакыт берилерин, кайра текшерүүдө иштер аткарылбаса Укук бузуулар кодексинин 143-беренесине ылайык, 23 миң сом айып салынарын эскертти.

Ооруканалардагы текшерүү Бишкекте Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда чыккан өрттөн кийин башталган.

11-февралдын кечинде Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда өрт чыгып, реанимацияда оор абалда жаткан 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм эвакуация учурунда каза болгон. Институт Республикалык дартты аныктоо борборунун имаратына көчүрүлгөн.

Кырсыкка байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин “Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кырсыктын себептерин аныктоо үчүн мекеме аралык комиссия түзүлгөн. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG