Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:51

Укук коргоочулар Сирия бийлиги жүздөгөн жай тургундарды өлтүргөнүн билдирди


Сирия бийлиги жана ага тиешелүү топтор бир нече күндүн ичинде 600дөн ашык жай тургунду, анын ичинде аялдар менен балдарды өлтүргөнүн өлкөдөгү адам укуктарынын абалына көз салган борбор билдирди. Алардын көпчүлүгү диний азчылыкты түзгөн алавиттерден болгон. Бул тууралуу Associated Press агенттиги кабарлады.

Уюмдун башчысы Рами Абдулрахмандын айтымында, бул массалык өлтүрүүлөр Сириядагы 13 жылдык жарандык согуштагы эң катаал зомбулук толкуну болду, деп жазды Reuters агенттиги. Жергиликтүү булактар алавиттер, аларды колдогон күрд этникалык азчылыгы менен өкмөтчүл күчтөрдүн ортосунда кагылышуулар болуп жатканын билдиришти.

Мындан эң көп жабыркаган шаарлардын бири болгон Баниястын тургундарынын айтымында, каза болгон адамдардын сөөктөрү көчөлөрдө, үйлөрдө жана имараттардын чатырларында жатат, аларды эч ким алып кете албай турат. Жергиликтүү тургундардын бири жума күнү атылган беш коңшусунун сөөгүн алып кетүүгө куралчан адамдар уруксат бербей койгонун айтып берди.

Сириянын жаңы бийлигинин өкүлдөрү алавит азчылыгынан чыккан, мурдагы президент Башар Асаддын тарапташтары менен салгылашуу жүрүп жатканын ырасташты. Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, бийлик Асаддын тарапташтарын басуу учурунда "мыйзам бузуу фактылары" болгонун мойнуна алууда, бирок жоопкерчиликти өкмөттү колдогон же согуштук башаламандыкты басуу үчүн кылмыш жасоого аракеттенген куралчан адамдарга жүктөөдө.

Интернетте жаңжал болгон жерде жай тургундардын кыйноого алынганы жана өлүм жазасына тартылганы түшүрүлгөн видеолор жарыяланып жатат. Аны комментарийлегендердин айтымында, жабыркагандардын көбү диний азчылыктардан, анын ичинде христиандардан. Al Jazeera телеканалынын маалыматы боюнча, бийлик күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга убада берүүдө.

Каналдын билдиришинче, кеминде ондогон жай тургундар жана Асаддын өкмөтүнүн мурдагы мүчөлөрү Латакиядагы орусиялык аскер базасынан башпаанек алышкан.

Орусиянын бийликчил Telegram-каналдары базада миңдеген качкын бар экенин билдирүүдө, бирок бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыктай элек.

Кремл бул боюнча комментарий берген эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG