Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

АКШда кармалган террордук топтун мүчөсү "Крокуска" кол салгандарга багыт бергени айтылды


Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлдун" имараты. (Архивдик сүрөт)
Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлдун" имараты. (Архивдик сүрөт)

АКШнын Юстиция министрлиги "Ислам мамлекети" террордук тобуна кирген "Вилаят Хорасандын" мүчөсүнө каршы сот иштерин баштады. Маалыматка караганда, "Жафар" лакап аты менен белгилүү болгон шектүүнүн аты-жөнү Мохаммад Шарифулла.

Департамент билдиргендей, АКШ Мохаммад Шарифуллага 2021-жылы Кабул аэропортундагы 13 америкалык аскер жана кеминде 160 ооган жараны набыт болгон террордук чабуулга катыштыгы бар деп айып такты.

Шарифулла Пакистанда кармалып, АКШга экстрадицияланды. ФБРдин директору Кэш Патель кармалган адамдын сүрөтүн X социалдык тармагындагы (мурдагы Twitter) баракчасына жарыялады.

Мохаммад Шарифулла 2-мартта ФБРге берген көрсөтмөсүндө Кабулдун аэропортундагы чабуулду даярдоого катышканын мойнуна алган. Ал "Abbey Gate" пунктун текшерип, "Вилаят Хорасан" тобуна жанкечти аба майдандын бул бөлүгүнөн билинбей өтүп кете аларын айткан. 2016-жылы июнь айында Канаданын Кабулдагы элчилигинин алдына өзүн-өзү жардырган жанкечтини жеткиргенин да билдирген.

АКШ бийлиги шектүү Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлго" кол салган "Вилаят Хорасан" тобунун мүчөлөрү менен байланышта болгонун билдирди. Мохаммад Шарифулла Москвадагы терракт боюнча кармалган эки шектүүнү тааныганын, аларга "мылтык жана башка куралдарды колдонуу боюнча нускамаларды" бергенин айтты.

Шектүүнү сот күнөөлүү деп тапса, АКШ мыйзамдарына ылайык өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

АКШ бийлиги 2021-жылы 26-августта болгон окуяны террордук акт деп тапкан. Ал күнү Кабулдагы аэропортто эвакуациялоо иштери жүрүп, "Abbey Gate" пунктунда топтолгон элдин ичинде жанкечти өзүн жардырып, 160 оогандык жана 13 америкалык аскер каза болгон.

2024-жылы март айында Орусияда "Крокустагы" теракт расмий маалыматтар боюнча 146 адамдын өмүрүн алган. Кол салууга тиешеси бар деп жалпы 27 киши кармалган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG