Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:24

"Коркунучу азайды, бирок идеалдуу эмес". ЖМК мыйзамы кайра иштелип чыкты


Бишкектеги сөз эркиндигин коргоо акциясы. Архив.
Бишкектеги сөз эркиндигин коргоо акциясы. Архив.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги түзгөн жумушчу топ “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун даярдап бүттү. Аны талкуулоо бүгүн, 28-июнда Бишкекте өттү. Март айында журналисттер президент Садыр Жапаров менен жолукканда мындан мурда даярдалган мыйзам долбоорун сынга алышкан болчу. Ошондон кийин президенттик аппарат мурдагы долбоорду Жогорку Кеңештен кайра чакыртып алган.

"Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоору кайрадан иштелип чыкты. Акыркы жылдарда анын ушуну менен сегизинчи варианты даярдалды.

Мыйзам долбоору жалпы массалык маалымат каражаттарынын жана ал тармакта эмгектенгендердин ишмердигин жөнгө салат. Анын ичинде долбоор маалымат каражаттарын жана интернет сайттарды каттоо, аларды жабуунун ирети, маалыматтын булагын коргоо, чет өлкөлүк медиаларды жана алардын өкүлдөрүн аккредитациялоо жана иш-чараларды, окуяларды чагылдыруунун тартиби сыяктуу бир катар жагдайларды камтыйт.

Быйыл мартта президент Садыр Жапаров менен жолугушуу маалында журналисттер Президенттик администрация демилгелеп, иштеп чыккан мурдагы долбоорду кескин сынга алышкан болчу.

Ошондон кийин долбоор Жогорку Кеңештен артка чакыртылып, анын жаңы версиясын кайра жазып чыгуу иши Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен журналисттердин өзүнө тапшырылган. Курамына бир катар медиа эксперттер, ЖМКнын жетекчилери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген жумушчу топту министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жетектеди:

Чыңгыз Эсенгул уулу
Чыңгыз Эсенгул уулу

“Жаңы иштелип чыккан мыйзам долбооруна төмөнкүдөй өзгөртүү-толуктоолор киргизилди: Биринчиден, жалпыга маалымдоо каражаттарынын каттоосу, реестри Юстиция министрлиги тарабынан ишке ашырылат. Мурдагы долбоордо ал жерде Санарипти өнүктүрүү министрлиги да бар болчу. Экинчи толуктоо – Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк ЖМКлардын кабарчыларынын аккредитациясы тышкы саясатты жүргүзгөн мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат. Мурдагы долбоордо бул ишти маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган жүргүзө турганы жазылган. Ал эми үчүнчү өзгөртүү – мурдагы долбоордо каралган мамлекеттик жана жергиликтүү органдардан шарттуу түрдө өтүүчү журналисттердин аккредитациясы жөнүндөгү берене такыр эле алынып салынды.”

28-июнда Бишкекте Тарых музейиндеги долбоорду талкуулоо жыйынына Жогорку Кеңештин, мамлекеттик органдардын, медиа коомчулуктун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана бул маселеге кызыккан бардык тараптар чакырылды. Бүгүнкү талкуу учурунда журналист, жумушчу топтун мүчөсү Семетей Аманбеков буларга токтолду:

“Биз мыйзам долбоору так ушул боюнча парламентке түшөт деп үмүт кылабыз. Албетте, коомдук талкуу учурунда да алымча-кошумчалар болот, бирок парламентте да ачык талкуу өтсүн. Мамлекеттик органдардын айрым өкүлдөрү жумушчу топко кабар бербей, кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизип жиберишин каалабайбыз. Биз өзүбүздүн отурумдарга алардын баарын чакырганбыз. “Келгиле, талкуулайлы”, “оңдоп-түзөөлөрдү киргизели” деп айтканбыз. Келгендер келди, келбегендер жок. Жыйынтыгында журналисттерди кодулоо менен чектелбеген, медиалардын ишмердүүлүгүнө тоскоол болбогон, тескерисинче биздин чөйрөнү алдыга сүрөгөн мыйзам ушул боюнча кабыл алынса дейбиз. Президент тапшырма коюп, талап кылгандай кесипкөй мыйзам болсо деп үмүт кылабыз”.

Буга чейинки Президенттик администрациянын укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушевдин жетекчилиги менен жазылган мыйзам долбоору быйыл жыл башында парламенттин тиешелүү комитеттеринде талкууланган учурда катуу сынга кабылган. Себеби сунушталып жаткан нормалар журналисттер менен медиа каражаттардын ишин бир кыйла татаалдатып, сөз эркиндигин чектей турганы белгиленген. Атап айтканда маалымат каражаттарын жана интернет сайттарды сөзсүз түрдө каттоодон өткөрүү, кайсы бир мамлекеттик мекемеге кирип, маалымат чогултуу үчүн сөзсүз ошол жердин жетекчилигинен уруксат алуу, маалымат каражатын оңой эле, ойдон чыгарылган жүйө менен жаап салуу сыяктуу бир катар чектөөлөр каралган болчу.

"Сөз эркиндигине коркунуч аз болот"

“Говори ТВ” долбоорунун жетекчиси, жумушчу топтун мүчөсү Кайыргүл Урумканова бул ирет андай чектөөлөрдүн көпчүлүгү алынып салынганын, эгер депутаттар долбоорду ушул бойдон кабыл алып берип, президент ага кол койсо, сөз эркиндигине коркунуч аз болот деген пикирде:

Кайыргүл Урумканова
Кайыргүл Урумканова

“Жумушчу топ мыйзамдын ар бир беренесине токтолуп, талкууладык. Жалпы жонунан бул жолку вариантка бир катар жакшы нормаларды киргиздик. Негизги жоболордун бири – журналисттердин жоопкерчилиги. Алар жоопкерчиликти жана милдетти кайсы убакытта өзү алат, кайсы убакта жоопкерчиликтен кутулат, деген нормалар такталды. Мисалы үчүн, журналист түз эфир маалында маектеши же башка бир үчүнчү тарап айткан сөз үчүн, тараткан маалымат үчүн жоопкерчилик тартпайт. Мындан тышкары жумушчу топтун убактысынын бир бөлүгү интернет булактарын милдеттүү каттоо зарылбы же жокпу деген норманы талкуулоого кетти. Акыры ал ыктыярдуу болсун, алардын өздөрү катталууга кызыкдар болушу үчүн мамлекет тарабынан кандай механизмдер киргизилиши зарыл дегенге токтодук. Эгер долбоор ушул калыбында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, кол коюлса ал жакшы мыйзам болот деп айта алам”.

“Медиа полиси” уюмунун юристи, жумушчу топтун мүчөсү Нурбек Сыдыков коомдо кызуу талкуу жараткан маалымат каражаттарын каттоо бул жолку мыйзам долбоорунда кандай каралганын мындайча чечмеледи:

Нурбек Сыдыков.
Нурбек Сыдыков.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары кандай тартипте, кандай учурда, кайсы мамлекеттик орган тарабынан каттоого алынат – бул да каралды. Мурунку мыйзам долбоорунда Юстиция министрлиги менен Санарипти өнүктүрүү министрлиги каттоого алат деп көргөзүлдү эле. Бул ирет эгерде веб-сайттар ыктыярдуу түрдө каттоого тургусу келсе, анда алар Юстиция министрлиги тарабынан катталат деп чечилди. Буга чейинки мыйзамда массалык маалымат каражаттары кандай учурда жабылышы мүмкүн деген жобо өтө жалпыланып, так эмес жазылган болчу. Бул ирет аны кайсы беренелердин негизинде, эмне мыйзамдарды бузганда жабылары так көргөзүлдү. Мындан тышкары редакциялар мамлекеттик органдардан маалымат сурап кайрылганда аны алууга 15 күн убакыт талап кылынчу. Биз маалыматтар тез, ылдам тарап жаткан мезгилдин өзгөчөлүктөрүн эске алып, анын убактысын 3 күнгө чейин деп кыскарттык. Себеби, ЖМКлар маалыматты тез арада тактап, аны элге тез жеткирүүгө тийиш. Ошол эле учурда ЖМКлар тараткан маалыматтары үчүн ал туура эмес болуп калса кайсы учурларда юридикалык жоопкерчиликтен кутула турганы да так көргөзүлдү. Албетте, биз бул мыйзам долбоору идеалдуу дегенден алыспыз. Ошентсе дагы маалымат каражаттарын жана журналисттерди чочулаткан бир катар жоболорду кайра иштеп чыгып, жакшыртууга жетиштик.”

Мыйзам долбоорундагы негизги өзгөчөлүктөр

Жумушчу топтун мүчөсү, юрист Таттыбубу Эргешбаева мыйзам долбоорундагы негизги өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду төмөндөгүдөй категорияларга бөлүнгөнүн көргөздү:

Таттыбубу Эргешбаева.
Таттыбубу Эргешбаева.

“1. Ыктыярдуу каттоо. Мыйзам долбоорунун мурунку версиясында медианын бардык түрү, анын ичинде онлайн платформалар, аудио, видео жана кинохроникалык программалар милдеттүү түрдө каттоодон өтүү каралган, андан айырмаланып бул жолку долбоорго ылайык аларды каттоо ыктыярдуу жүрмөкчү.

2. Медиа редакциясы деген аныктама кеңейтилди. Долбоордо ЖМКнын редакциясы деген түшүнүк кеңейтилди. Ага ылайык “редакцияга” эмгек келишиминин негизинде иштеген жамаат гана эмес, жарандык-укуктук негизде кызматташкан жактар да камтылат.

3. ЖМКнын уюштуруучусунун ролун тактоо. Мыйзам долбоорунун жаңы версиясында ЖМКнын уюштуруучусу, ЖМКнын ишине таасир этиши мүмкүн болгон башкаруучулук өзгөрүүлөргө же корпоративдик жарыяларга байланыштуу учурлардан тышкары, редакциялык саясатка кийлигишүүгө укугу жок экендиги көрсөтүлгөн. Бул чектөө редакциянын көз карандысыздыгын коргоого жана маалыматтык продукциянын мазмунуна уюштуруучу тарабынан басымдын алдын алууга багытталган.

4. Редактордун макамы. Долбоор редактордун макамын тактайт, ага жараша редактор редакцияны мыйзамга ылайык уставдын жана жетекчилик менен түзүлгөн келишимдин негизинде жететектейт. Бул тактоо редактордун ишинин укуктук негиздерин камсыздап, уюштуруучу, жетекчилик жана журналисттер ортосундагы мамилени жөнгө салат.

5. Маалымат булагын купуя сактоо милдети. Мыйзамга маалымат берген адам менен алдын ала макулдашылса ЖМКнын өз маалымат булагын купуя сактоо милдети киргизилди. Бул маанилүү өзгөртүү маалымат булактарын коргоо жана журналисттердин кесиптик милдеттерин аткаруу үчүн зарыл.

6. "Коомдук кызыкчылык" түшүнүгү. Биринчи жолу долбоордо "коомдук кызыкчылык" түшүнүгү киргизилди. Ал мамлекет, кызмат адамдарынын ишмердиги, саясат, саламаттык, билим берүү, калктын коопсуздугу, укук коргоо, адам укуктарын сактоо, айлана-чөйрө, экономика, маданият, дин жана адамдардын кеңири чөйрөсүнүн кызыкчылыктарына тиешелүү жагдайларды камтыйт.

7. Маалыматты таратууну чектөөнүн укуктук критерийлери. Маалымат каражаты эгер зордук-зомбулукка чакырып, кастыкты козутуп, порнографияны жайылтса, жана башка ушул сыяктуу чектен чыккан маалыматтарды жайылтса, аларды чектөөнүн укуктук так критерийлери долбоордо белгиленди.

8. ЖМКны жоопкерчиликтен бошотуунун шарттары. Документте редакция жана журналист кандай учурда кайсы мазмундагы маалыматтарды таратканы үчүн жоопкерчиликтен бошотула турганы такталды. Эгер маалымат расмий булактардан алынса, же кызмат адамдарынын эл алдында сүйлөгөн сөзү бурмалоосуз берилсе жана ал бөлүшүлсө андай учурда ЖМК жоопкерчиликке тартылбайт.

9. Этикалык стандарттар. Мыйзам долбоору маалымат таратууда этикалык стандарттардын сакталышынын маанилүүлүгүн белгилейт. Бул журналисттик иштин сапатын жогорулатып, коомдун медиага ишенимин бекемдөөгө жана жоопкерчиликтүү журналистиканын калыптанышына өбөлгө түзөт.

10. Маалымат алуунун шарттары. 25-беренеге ылайык редакция мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, коомдук бирикмелер жана алардын кызмат адамдарынан маалымат суроого укуктуу. Маалымат айрым учурларды эске албаганда үч күндүн ичинде берилиши керек.

Мыйзам долбоору 9 главадан, 35 беренеден турат. 1-глава жалпы жоболор, 2-глава массалык маалымат каражаттары, 3-глава ЖМКны мамлекеттик каттоо, 4-глава ЖМКнын ишин уюштуруу, 5-глава журналисттин укуктары жана милдеттери, 6-глава ЖМКны таратуу, 7-глава ЖМКнын жарандар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана юридикалык жактар менен мамилелери, 8-глава ЖМКнын эл аралык кызматташтыгы, 9-глава ЖМКнын мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги, 10-глава өткөөл жоболор болуп эсептелет.

Акыркы мыйзам долбоорунда "блогер" термини камтылган жок, себеби, өлкөдө блогерлердин ишмердүүлүгү атайын ченемдик актылар менен жөнгө салынбайт. Колдонуудагы мыйзамдарда бул түшүнүктүн так аныктамасы жок.

Эл аралык тажрыйбада блогерлердин ишмердүүлүгү журналисттик же "журналистикага чейинки" ишмердүүлүктүн бир түрү катары каралып келет.

Алар аккредитациядан өтүп, салттуу ЖМКнын журналисттери менен бирдей расмий иш-чараларга катыша алат.

Азыркы иштеп жаткан мыйзам 1992-жылы 2-июлда кабыл алынган. Ага ушуга чейин сегиз ирет өзгөртүү-толуктоолор киргизилген.

Конституция өзгөргөндөн кийин Президенттик администрациянын демилгеси менен былтыр 15-майда “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеленген. Ошондон кийин эл аралык жана жергиликтүү бир катар уюмдар Кыргызстандын бийлигин журналисттердин укугун коргоого жана сөз эркиндигин сактоого бир нече чакырган болчу.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун 3-майда жарык көргөн баяндамасында 180 өлкөдө менен катар Кыргызстандагы абал да талдоого алынган. Сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде өлкө 120-орунду ээледи. Баяндаманын авторлору өлкөдө сөз эркиндиги кысымга кабылып, Баш мыйзамдагы талаптар аткарылбай жатканын, журналисттер, активист, блогерлер саясий басым алдында калганын айтып чыгышкан.

Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жанн Кавелье "жалпысынан кырдаал Чыгыш Европада жана Борбор Азияда начарлап кетти. Былтыр Кыргызстандын рейтинги кескин төмөндөп кеткен, быйыл деле эч кандай жакшы жылыш болгон жок” деген болчу.

Кыргызстандын бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бардыгын айтып, журналисттер укуктары менен катар милдеттерин да билип, жасалып жаткан жакшы иштерди кеңири чагылдырып, негативге басым жасабоого чакырып келет.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

XS
SM
MD
LG