Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:46

ТҮРКСОЙ 2025-жылы кыргыз адабиятына арналган иш-чараларды өткөрөт


ТҮРКСОЙ уюму тарабынан чыгарылган кыргыз акын-жазуучуларынын китептери.
ТҮРКСОЙ уюму тарабынан чыгарылган кыргыз акын-жазуучуларынын китептери.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2025-жылы Кыргызстанда улуттук адабиятка байланыштуу бир катар иш-чараларды өткөрөт. Уюмдун баш катчысы Султан Раев социалдык тармактагы баракчасында ушул жылга пландалган иш-чараларды тизмектеп жазды.

1. 28-29-30-майда Ош шаарында түрк дүйнөсүнүн Биринчи жаш акындарынын Жолон Мамытов поэзия фестивалы өтөт.

2. 15-20-октябрь аралыгында улуу акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата:

- Адабият фестивалы Бишкек шаарында өтөт;

- Түрк дүйнөсүнүн акындарынын фестивалы жана адабий форуму Түркиянын Элазыг шаарында (15-20-май) өтөт.

- Венгрияда (Будапешт шаарында) Алыкул Осмонов поэзия күндөрү (октябрь айында) уюштурулат. Бул иш-чаранын алкагында Алыкул Осмоновдун мажар (венгер) тилиндеги китебинин бет ачары (презентациясы) белгиленген. Алыкул Осмоновго арналган иш-чараларды Ташкент, Алматы, Баку шаарларында өткөрүү да белгиленген.

- Алыкул Осмоновдун Чолпон-Атадагы үй-музейине колдоо көрсөтүү иш-чарасы өткөрүлөт.

3. Кыргыздын улуу ойчулу, залкар акыны Арстанбек Буйлаш уулунун китеби Анкарада түрк тилинде жарык көрөт. Бет ачары Анкарада өткөрүлөт.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму кыргыз, казак, азербайжан, өзбек, түрк, түркмөн, мажар адабияты, дүйнөнүн ар кайсы булуңунда жашаган түрк тилдүү элдердин руханий баалуулуктарын иликтеген эмгектерди жарыялап келет. 2022-жылы уюмдун колдоосу менен кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы да түрк тилинде жарык көргөн.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 1993-жылы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркиянын маданият министрлери тарабынан кызматташтык келишимине кол коюшу менен түзүлгөн. Кийин бул уюмга байкоочу мүчө катары Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Орусия Федерациясына караган Татарстан, Башкырстан, Алтай, Саха, Тыва жана Хакас Республикалары, ошондой эле Молдовадагы Гагаузия да кирген.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун ишмердиги мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринен турган Туруктуу кеңеш аркылуу аныкталат. Туруктуу кеңештин отурумдарында кабыл алынган чечимдер ТҮРКСОЙдун Башкы катчылыгы тарабынан аткарылат.

ТҮРКСОЙ өз ишин Түркий мамлекеттер уюму, Эл аралык түрк академиясы, Түркиянын парламенттер ассамблеясы жана Түрк маданий фонду сыяктуу бир тууган уюмдар менен бирге алып барат. (KbA)

Шерине

XS
SM
MD
LG