Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:01

ФСБ теракт даярдоого шектелген борбор азиялык жаранды атып өлтүргөнүн билдирди


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) кызматкерлери метродо жана Подмосковьеде «жөөттөрдүн диний жайына» кол салууну даярдаган шектүү кишини жок кылышканын билдирди.

Орусиянын мамлекеттик медиасы тараткан маалыматта шектүү теги борбор азиялык орус жараны экени жана «эл аралык террорчулардын уюмуна кирери» айтылган, бирок анын өлкөсү же уюмдун аталышы маалымдалган жок.

Атайын кызматтын версиясына караганда, ал жардыргыч заттын жардамы менен теракт уюштуруп, андан кийин Ооганстанга кетүүнү пландаган. Каршылык көргөзүп, ФСБнин кызматкерлери менен атышууда «жок кылынганы» айтылат.

Февралда Псковдо Борбор Азиядан чыккан үч киши жок кылынганы кабарланган. Ошондо ФСБ алар вокзалды жардырууну көздөгөн деп маалымдаган.

"Мигрант Медиа" долбоорунун редакциясы өлтүрүлгөн үч киши тажикстандык экенин өз алдынча тактаган.

2024-жылы 22-мартта Москванын четиндеги "Крокус Сити" концерттик борборуна кол салуудан кийин Орусияда мигранттарга каршы бир катар мыйзамдар кабыл алынып, башка өлкөлөрдөн барган жарандар кыйын кырдаалга туш болууда.

Кол салууга байланыштуу тажикстандык Далержон Мирзоевге, Саидакрам Ражабализодага, Шамсидин Фаридуниге жана Мухаммадсобир Файзовго айып тагылган. Төртөө тең кармалганда, суракка алынганда кыйноого кабылганы маалым болгон. Айыпталгандар өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Окуяга тиешеси бар деп жалпы 27 киши кармалган. Куралдуу кол салууда 146 адамдын өмүрү кыйылганы, 500дөн ашууну жабыркаганы маалымдалган.

Шерине

XS
SM
MD
LG