Кыргызстан менен Кытайдын адвокаттары биргелешкен аракет менен кытай инвесторлорун коргоого алат. Мындай маалымат Кыргызстан адвокаттар ассоциациясынын сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Бишкекте Кыргызстан менен Кытайдын “Жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө” биргелешкен декларациясын жүзөгө ашыруунун алкагында стратегиялык кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.
Адвокаттар ассоциациясынын алдында Кытайдын укуктук камсыздоо борбору түзүлгөн. Борбордун адвокаттары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууда кытай ишкерлеринt укуктук жактан колдоо көрсөтөт.
27-декабрда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору расмий башталган. Мындан тышкары, Кыргызстанда ишкердик кылган кытайлык жарандар да көп. Соңку жылдары Кыргызстандын тоо-кен, энергетика, логистика жана жол тармагына ири каражат салып жаткан кытай инвесторлорунун ишмердиги активдешкен.
Буга чейин Кыргызстанды кытай ишкерлери менен компаниялары катышкан долбоорлордо экологиялык, социалдык жана техникалык маселелер жаралып келген учурлар болгон.
Мындай көрүнүштөр жергиликтүү тургундардын нааразылыгын жараткан окуялар да катталган. ТВЕА компаниясы ишке ашырган Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо долбоорунда да ири коррупциялык кылмыштар ачыкталып, чуулгандуу кармоолор менен коштолгон. Кытай бийлиги Кыргызстандагы компанияларын коргоого алууну Кыргызстандын расмий бийлигинен талап кылып келет. (KbA)
Шерине