Европа Биримдиги бейшемби күнү, 6-мартта өтө турган саммитте Украинага жүздөгөн миллиард евро жардам берүү маселесин карайт.
Мындай маалыматты Франциянын президенти Эммануэл Макрон 1-мартта La Tribune басылмасына курган маегинде билдирди.
“Жолугушуунун максаты – Украинага колдоону күчөтүү жана Еврокомиссияга масштабдуу биргелешкен каржылоо программасын мүмкүн болушунча ылдамыраак ишке киргизүүнү тапшыруу. Анткени, сөз биздин коопсуздугубуз тууралуу болуп жатат. Сөз жүздөгөн миллиард евролук каржылоо жөнүндө жүрүүдө. Евробиримдик өлкөлөрүнүн лидерлери европалык коопсуздуктун архитектурасын түзүүнү да талкуулашат”, - деген Макрон.
Француз президенти мындай долбоорду ишке ашыруу узак жылдарга созуларын моюнга алып, андыктан Европа АКШ тараптан берилүүчү колдоону сактап калууга болгон аракетин жумшоого тийиш экенин айткан.
Евробиримдик өлкөлөрүнүн жана Британиянын лидерлери 6-мартта Украинанын коопсуздугу жана коргонуу боюнча саммитке чогулат.
Владимир Зеленский 28-февралдагы Дональд Трамп менен болгон кайым айтышуудан кийин Лондонго учуп барган. Кир Стармер менен жабык эшик артындагы сүйлөшүүдөн кийин Улуу Британия Киевге 2,84 млрд доллар насыя бере турганы белгилүү болгон. Карыз Орусиянын Европадагы жабылган каражаттарынан түшкөн киреше эсебинен кайтарылары айтылган. (KbA)
Шерине