Абхазияда өткөн президенттик шайлоонун жүрүшүндө добушканалардын биринде куралдуу кол салуу болду. Аларды кармоо үчүн жасалган тосмодо ИИМдин кызматкерлерине ок атылган. Кол салуудан жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Болуп өткөн окуя боюнча Орусияда кылмыш иши козголду. Тергөө комитети кол салгандардын ичинен Нурик Смыр аттуу мүчөсү жарадар болуп, ооруканага жаткырылганын билдирди. Жергиликтүү Телеграм-каналдар аны президенттикке оппозициялык талапкер Адгур Ардзинбанын тууганы деп аташууда. Башка бир талапкер Бадра Гунбанын штабы оппозиционердин тарапташтарын кол салууга катышы бар деп айыптоодо.
Абхазиядагы президенттик шайлоого Адгур Ардзинба жана Бадра Гунба аттуу эки талапкер ат салышууда. Шайлоонун биринчи турунда Ардзинба 36,9%, ал эми Гунба 46,3% добуш алганы жарыяланган. Добуш берүүнүн экинчи туру 1-март күнү өттү.
2024-жылдын октябрынын соңунда Абхазия менен Орусия ири инвестициялык келишимге кол коюшкан. Келишим орусиялык компанияларга республиканын аймагында жерлерди алууга жана чет элдик жумушчуларды тартууга мүмкүндүк берген. Абхаз оппозициясы бул документ менен макул болбой, өлкөдө масштабдуу протесттик акциялар башталган. Натыйжада, ноябрь айында президент Аслан Бжания мөөнөтүнөн мурда отставкага кеткен.
“Кавказ жаңырыгы” басылмасы Орусия шайлоонун биринчи турунда Бадра Гунбаны колдогонун билдирген. Редакциянын маалыматы боюнча, Ардзинбаны түркиячыл позициясы үчүн айыптап келишет.
Абхазия менен Түштүк Осетия Кавказдагы талаштуу аймактар болуп эсептелет. Учурда Абхазия менен Түштүк Осетиянын Грузиядан көз карандысыздыгын БУУга мүчө 193 өлкөнүн ичинен бешөө тааныган. Алар Орусия, Никарагуа, Венесуэла, Науру жана Сирия.(KbA)
Шерине