1-мартта Лондондо Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жабык эшик артында сүйлөштү.
Бир саатка созулган сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу журналисттерге толук маалымат берилген жок.
Эки өлкөнүн финансы мекемелеринин жетекчилери – Рейчел Ривз менен Сергей Марченко Киевдин коргонуу жөндөмүн чыңдоо үчүн 2,26 млрд фунт стерлинг (2,84 млрд доллар) насыялык келишимге кол коюлганын жарыялашты.
Лондон бул келишимди “украин элин туруктуу колдоонун” белгиси деп билдирип, каражат Орусиянын жабылган активдеринен түшкөн кирешенин эсебинен кайтарыларын белгилеген.
Кийинчерээк Зеленский Х платформасында Стармер менен жолугушуу “мазмундуу жана жылуу” болгонун жазды.
“Сүйлөшүүлөрдө биз Украинанын жана бүткүл Европанын алдында турган чакырыктарды өнөктөштөр менен координациялоону, Украинанын позициясын чыңдоо боюнча конкреттүү кадамдарды, согуштун коопсуздук кепилдиктери менен катар адилеттүү тынчтыкта аякташын талкууладык”, - деген Зеленский.
Ал каражат “Украинадагы курал-жарак өндүрүшүнө жумшаларын, бул чыныгы адилеттик болорун – согушту ким баштаса, каражатты ошол төлөшү керектигин” кошумчалаган.
Владимир Зеленский 2-мартта Лондондо Европа өлкөлөрүнүн лидерлеринин жыйынына катышат. Европанын лидерлери жолугушууда согуш токтогон учурда Киевге көрсөтүлө турган кепилдиктерди талкуулай турганы пландалууда.
Владимир Зеленский мунун алдында Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп менен кайым айтышып кеткен. Ак үйдөгү сүйлөшүүлөр журналисттердин катышуусунда, түз эфирде чагылдырылган.
Зеленский Вашингтонго америкалык инвестиция үчүн Украинадагы минералдык ресурстарга жол ачкан макулдашууга кол коюу үчүн барган. (KbA)
Шерине