Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:00

Украина МАГАТЭни Запорожье АЭСине Орусия оккупациялаган тараптан киргенин сындады


Запорожье АЭСи
Запорожье АЭСи

Украина Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ ) кызматкерлери Запорожье АЭСине Орусия оккупациялаган тараптан кирүү менен “өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузду” деп сындады.

Украин Тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө «Орусия коркутканын, эл аралык уюмдарга убактылуу оккупацияланган жерлерде иш алып баруунун мыйзамсыз жана карама-каршылыктуу механизмдерин таңуулаганын” айыптады.

МАГАТЭнин байкоочуларынын жаңы миссиясы ишембиде Запорожьедеги ишканага Орусия аркылуу киргенин ал өлкө дайындаган директор билдирген.

2022-жылы Орусия оккупациялаган станцияга байкоочулар буга чейин Киевдин көзөмөлүндөгү район жагынан барчу.

МАГАТЭ Рейтердин комментарий берүү тууралуу жекшемби күнкү өтүнүчүнө жооп бере элек.

Эл аралык байкоочулар ал жерде ротациялык негизде иш алып барат. Бул жолу кызматкерлер согуштук аракеттерден улам мөөнөтүнөн өтүп алмашты.

Шерине

XS
SM
MD
LG