Эки күндө коомдук транспорттун айдоочуларына 4 млн сомдон ашуун айып салынды.
Мындай маалыматты 1-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) таркатты.
Башкармалыктын кызматкерлери “Коомдук транспорт” деп аталган рейддик иш-чара өткөрүп, жүргүнчү ташыган автобустар менен кичи автобустарды текшерген.
"Анын алкагында эки күн ичинде ичиндеги жүргүнчүлөрү менен катуу ылдамдыкта айдап, каршы тилкелерге чыгып, техникалык абалы талапка жооп бербей туруп каттамга чыккан, тийиштүү лицензиялык талаптарга жооп бербеген, мыйзамсыз жабдууларды орноштурган, жүргүнчүлөрдү туура эмес жерлерден алган жана түшүргөн, аялдамаларда башка айдоочуларга тоскоолдук жараткан жана башка одоно жол эрежелерин бузган 2 630 коомдук транспорттун айдоочулары аныкталып, жалпы 4 млн 182 500 сом айып салынган”, - деп жазылган ЖКККББнын билдирүүсүндө.
“Бишкекшаартранс” муниципалдык ишканасынын маалыматында, учурда муниципалитеттин балансында 1 407 автобус бар. Шаар боюнча жалпысынан 58 каттамдык линия тейленип, күнүгө 1200 автобус каттамга чыгат. Мекеме 2024-жылы 538 автобустун айдоочусу жол эрежесин бузгандыгы үчүн “кара тизмеге” киргизилгенин билдирген. (KbA)
Шерине