Бишкек шаарындагы Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев чыгарган токтом 28-февралда жарыяланды.
Ага ылайык, цирк эми мамлекеттик ишкана болуп түзүлүп, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өтөт.
Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки 1962-жылы түзүлүп, имараты 1976-жылы курулган.
Цирктин жамаатында 2010-жылдардан бери пикир келишпестик уланып келип, 2023-жылы 7-июлда президент Садыр Жапаров мамлекеттик циркти текшерип, толук оңдоп чыгуу тапшырмасын берген. Былтыр 2-ноябрда толук оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилген. (TAb)
Дагы караңыз
Шерине