Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:32

Орусияда жаңы төрөлгөн ымыркайды өзүнө каттаткан кыргызстандыктар кармалганы кабарланды


Москва облусунда жасалма документтер менен ымыркайды сатып алууга шек саналган төрт киши кармалганын Орусиянын Тергөө комитетинин регионалдык бөлүмү маалымдады.

"Тергөөнүн версиясы боюнча жыл башында жубайлар "ымыркай сатып алууну чечип, сатуучуну издеп баштаган". Кийин алар төрөгөндөн кийин баласын берүүгө макул болгон аял менен таанышкан. Менчик медициналык борборду таап, ал жактагы дарыгер 150 миң рублга төрөткө жана документтерди түгөйлөрдүн атына каттоого жардам берүүгө көнгөн. Наристени энеси 18-февралда жубайларга берген, алар болсо картасына акча которгон", - деп билдирди мекеме.

"Осторожно, Москва" Телеграм-каналы баланы сатып алгандар Кыргызстандын жарандары, төрөгөн аял түркмөн жараны экенин жазды. Тергөө комитети ал Орусияда мыйзамсыз жүргөнүн кошумчалады.

Видеодо аялдардын бири ымыркайдын энеси баладан баш тарткысы келгенин айтып берди. Күйөөсү алар наристе үчүн 10 миң рубль которушканын айтты.

Шерине

XS
SM
MD
LG