Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Харьков менен Запорожьеде дрон чабуулунан үч киши жараат алды


Украина. Иллюстрациялык сүрөт.
Украина. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиялык дрон чабуулунан Харьковдун эки жашоочусу жана Запорожье облусунун бир тургуну жараат алды.

Харьков шаарына “Шахед” дрондорунан чабуул коюлуп, кеминде эки киши жараат алды. Бул тууралуу Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов Телеграм-каналына жазды. Анын айтымында, турак жай зыян тарткан.

Запорожье облусунда “Шахеддердин” чабуулунан көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер жана гараждар зыян тартты. Үйдүн жогорку кабаттарындагы батирлер өрттөндү. 82 жаштагы жабыркаган жаранга медициналык жардам көрсөтүлгөнүн Запорожье облусунун администрация башчысы Иван Федоров маалымдады.

Орусия тарап да дрон чабуулуна кабылганын билдирди. Коргоо министрлиги украиндер учурган 22 дрон атып түшүрүлгөнүн, Орёл жана Брянск облустарына мындан да көп санда дрон учурулганын маалымдады.

Орусиялык Телеграм-каналдар Москвадагы Шереметьево аэропортунда “Ковер” планы киргизилгенин жазышты, мындай чара адатта абадан коркунуч жаралган учурда көрүлөт. Кийинчерээк учак кабыл алууга жана учууга кирген чектөө алынганы маалым болду.

Шерине

XS
SM
MD
LG