Украинанын Донецк облусундагы Константиновка шаарында орус аскерлеринин аткылоосунан беш киши каза таап, сегиз адам жараат алды.
Облустун аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкиндин айтымында, орусиялык аскерлери шаарга кеминде үч башкарылган бомба менен чабуул койгон.
Филашкин соңку күндөрү Орусиянын бул шаарга чабуулу көбөйгөнүн белгилеп, шаар тургундарын өз убагында эвакуация болууга чакырды.
22-февралда да Константиновка чабуулга туш болгон. Маалыматка караганда, өткөн ишембиде шаарга кеминде жети авиабомба ташталган. Кеминде эки адам каза болуп, төрт адам жаракат алган. Набыт болгондордун арасында орус армиясы басып алган Бахмуттан көчүрүлүп келгендер бар.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалымат боюнча комментарий берген эмес.
Москва далилдерге карабастан үч жылдан ашкан согуш башталгандан бери эле жарандык жайларды бутага алганын танып келет. (AiA)
Шерине