Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

"Телефон китепти алмаштыра албайт". Балдар адабиятындагы көйгөйлөр


Балдар акын-жазуучулары: Сулайман Рысбаев, Байтемир Асаналиев, Ымайыл Кадыров.
Балдар акын-жазуучулары: Сулайман Рысбаев, Байтемир Асаналиев, Ымайыл Кадыров.

Соңку жылдары өлкөдө балдар адабиятын жандантуу аракети жүрүп жатат. Былтыр өкмөт бул багытта кошумча каражат бөлүнөрүн айткан. Учурдагы жагдай кандай? Интернет доорунда балдардын көңүлүн китепке кантип бурабыз?

Балдарды кызыктыра алган эмгектер жазылып жатабы? Ушул маселелерди балдар жазуучу-акындары Байтемир Асаналиев, Сулайман Рысбаев жана Ысмайыл Кадыров менен талкуулайбыз.

- Жаңы технологиялар турмушубуз кескин өзгөрткөн доордо жашап атабыз. Албетте, анын жакшы жактары көп. Бирок азыр балдарды планшет, телефондун азгырыгынан кантип сактайбыз, кантип китеп окутабыз деген көйгөй көпчүлүк ата-энелерди түйшөлтүп жатканы дагы анык. Бул учурда балдар адабиятынын таасири канчалык болот?

Байтемир Асаналиев: Балдарды китепке кызыктыруу үчүн, биринчиден, китептер мазмуну кызыктуу, көркөмдүк деңгээли жогору, кооздолушу жагынан көзгө толумдуу болушу керек. Болбосо баягы эле кургак сөздөр менен жазылган чыгармалар балдарды кызыктыра албайт. Экинчиден, бул маанилүү иш үй-бүлөдөн башталышы керек, ата-эне балдарына жакшы көңүл бурушу шарт. Маселен, илгери чоң ата, чоң энелер балдарга кичинекейинде жомок айтып берип уктатып, бешиктеги кезинде алдей ырын ырдап чоңойткон да. А шаарда азыр ата-энелер өздөрү орусча сүйлөшүп жатпайбы, анан кантип балдар өз эне тилин билет? Ата-энелер өздөрү мурункудай убакыт бөлүп, балдар менен бирге китеп окуп, чогуу талкуулаш керек. Азыр балдар бүт эле телефонго кирип кетти, ал деген китептей болбойт да. Ырас, мамлекет эки жылдан бери каражат бөлүп, балдар китебин чыгарып, балдар адабиятын өнүктүрүүгө кам көрүп атат. Бирок азыр балдар үчүн мурунку “Мектеп” басмасындай болгон өзүнчө басма керек. Ага көп деле шарттын кереги жок. Ага директор, бир редактор, анан сүрөтчү эле керек.

- Балдарга окуталы десек, кыргыз тилинде заман талабына жооп берген китептер жок деп айтып калышат көп ата-энелер. Бул канчалык жүйөлүү?

Балдар акын-жазуучусу Ымайыл Кадыров.
Балдар акын-жазуучусу Ымайыл Кадыров.

Ысмайыл Кадыров: Китептер азыр жакшы эле чыгып жатат. Биздин балдар жазуучулары жакшынакай, балдарга татыктуу чыгармаларды жазып эле жатышат. Бирок алардын тиражы өтө эле аз болуп, жалпы окурмандарга жетпей жатат. Ошондуктан сырттан караганда бул жаатта иштеген киши дээрлик жоктой сыяктанат. Биздин “Нуска” китеп дүкөнүнө барсак, балдар адабияты боюнча жайнаган эле китептер турат. Бирок аны издеп барып, алган киши жок. Жөн эле “окуталы десек, китеп жок” деп коюп эле карап отурабыз. Буга чейин “Бөбөк” деген басма негиздейли деген ой болуп, бирок ал учурунда сөз боюнча эле калып калды. Балдар үчүн атайын басма болсо, андан китептер пландуу түрдө чыгып турат эле. Анан редакторлук институт да пайда болмок. Азыр сапатына карабай, ким эмне жазса эле акча менен чыгарып алат.

- Азыр интернеттен баланын көңүлүн буруп кете алгыдай кызыктуу китептер кандай жазылышы керек? Эң башкысы, эмнелер эске алынышы зарыл?

Балдар акын-жазуучусу Сулайман Рысбаев.
Балдар акын-жазуучусу Сулайман Рысбаев.

Сулайман Рысбаев: Совет мезгилинде Кыргызстан эң окумал республика болгон. Жүз миңдеген тираж менен чыккан китептер бир жумада эле сатылып кеткен учурлар болгон. Мына, Байтемир ага ошол кездери көп жылдар балдар редакциясынын башчысы болуп турду. 1993-жылы “Мектеп” басмасы жабылып, биздин чыгат деп турган китептерибиз чыкпай калган. Ошол 1992-93-жылдары тематикалык планды карасам, бир жылда балдар үчүн 70 аталыштагы китеп жарык көрчү экен. Алар 5-10-20 миң тираж менен чыгып, элге жеткиликтүү болчу. Анан эгемендиктин алгачкы жылдарынан бери дээрлик 20 жыл бою балдар китептери чыкпай, эл китептен алыстап калды. Китеп окубаган муун өстү. Мына ошол кезде кыргыз тилдүү китептердин ордун Орусиядан чыккан орус тилдүү китептер ээледи. Анан биздин балдардын көпчүлүгү орус тилине өттү. Мен “Баланы китепке кызыктыруунун он шарты” деген макала жазгам. Анда "эң биринчи балаңды китеп дүкөнгө алып бар, кооз, сүрөттүү, жакшы көргөн китебин сатып бер" дегендей сунуштар айтылган. Үйгө барганда балага арналган китеп текче жасап берип, туулган күнүндө, майрамдарда кызыктуу, сүрөттүү китеп белек кылыш керек. Мына ошондо балада “бул менин китебим, менин буюмум” деген ой калыптанат, ал жакшы жагына өзгөрө баштайт. Балага китеп окуп берүүнүн атайын методикасы бар. Маселен, карышкыр тууралуу карышкырдай, түлкүнү түлкүдөй, коёнду коёндой, аюуну аюудай үн менен окуп бериш керек.

- Соңку кездери Жазуучулар союзуна көңүл бурулуп, 15 миллион сом каражат ажыратылганы айтылган. Бул каражат жалпы адабияттын ичинен балдар адабиятына да бөлүнсө керек. Эмне иш жүрүп атат, кабарыңар барбы?

Сулайман Рысбаев: Туура, мамлекет каражат бөлүп, Маданият министрлигинин алдында китеп чыгарган атайын топ түзүлүп, Жазуучулар союзу бир топ китептерди чыгарды. Мунун ичинде балдар китептери да бар. Маселен, менин “Китеп окуган шамал” китебимди чыгарып беришти. Жакында Жазуучулар союзу чыгарган 45 китептин бет ачары болду. Мен өзүм да бир демилге кылып, "Улуттук балдар адабиятынын антологиясы" аттуу миң бетке жакын көлөмдөгү китеп түздүм. Ага балдар адабияты боюнча кыргыз жазуучуларынын болгон жакшы чыгармаларын киргиздим. Бизде азыр балдар үчүн эмгектенип жаткан 16-17 калемгер бар. Антологияга Сыдыкбеков, Токомбаев, Айтматовдой атактуу калемгерлердин балдар үчүн жазып кеткен эмгектерин коштук. Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевге байланышсам, чыгарып берем деди. Буюрса жакын арада чыгып калат деп үмүттөнүп отурам.

- Байтемир агай, быйыл 84 жашка келипсиз. Карылыкка моюн сунуп калбай эмгектенип жүрөсүз. Мына колуңузда “Балдан ширин балалык” аттуу китеп турат. Бул жаңы эмгегиңизби?

Байтемир Асаналиев: Ооба, бул китеп 2022-жылы чыккан. Улуттук жазуучулар союзу аны жылдын мыкты китеби деп таап, статуэтка, диплом беришти. Ал кезде акчалай сыйлык жок болчу. 2023-жылы Кыргызпатент мекемеси да балдар адабияты боюнча жылдын мыкты китеби деп таап, ноутбук берди. Андан сырткары 50 миң сом алдым. Быйыл эле Жазуучулар союзунда "Алтын калем" сыйлыгына жабык конкурс болду. Ал сынакта да балдар адабияты боюнча лауреат болуп, сыйлык менен 100 миң сомго ээ болдум. Чет элдик балдар жазуучулары Андерсен, Перролордун чыгармаларын которуп жүрчү элем. Ошолорду да Жазуучулар союзунун комиссиясы тандап, китеп кылып чыгарып беришти.

Байтемир Асаналиевдин балдар үчүн китеби.
Байтемир Асаналиевдин балдар үчүн китеби.

- Ысмайыл агай, сизден балдар адабиятында азыр жаңы авторлор көп элеби? Алар сиздер менен кызматташабы, тажрыйба алмашып турабы?

Ысмайыл Кадыров: Эми, Кудайга шүгүр, кийинки мезгилде бир топ эле калемгерлер өсүп келе жатат. Алардын катарында Жазуучулар союзунун балдар адабияты боюнча секциясына катышып жүргөн калемгерлер бар. Мындан сырткары ЮСАИДдин атайын долбоору да бир топ жаш калемгерлерди алып чыкты. Алардын “Келгиле, окуйбуз”, “Окуу керемет” деген долбоору 10 жылдан бери иштеп келе жатат. “Окуу керемет” быйыл мөөнөтү бүтүп, ишин токтотту. Бул долбоорлордо биз айтып жаткан редакторлук институт иштеди. Сынакка келген чыгармалардын бардыгын мугалимдер ар бир класска тууралап, тексттин көлөмүн эске алып, редакциялап беришти. ЮСАИДдин долбоору калемгерлерди эле эмес, жаш сүрөтчүлөрдү да таанытты.

Мындан сырткары бизде Аман Карымшаков деген балдар жазуучусу бар. Анын артыкчылыгы - өзү жазат, өзү сүрөт тартат. Ошондой эле балдар үчүн Миргүл Наралиева, Жыргал Сокурова, Батма Абдухамидова, Айдай Бекбоева, Гүлнара Халматова, Нурайым Шаршенбаева, Марлен Матназаров сыяктуу жаш авторлор жазып жатат.

- Сулайман агай, мен өзүм башталгыч класстарда окуп жүргөндө Каныбек Жунушевдин:

"Күчүк эмен жалбырагын
Казга тиштеп барыптыр.
- Мобул сенин таманың го,
Жерге түшүп калыптыр", - деген өңдүү ыр саптары менен чоңойдум. Азыркы балдарды ушундай ырлар кызыктыра алабы? Дегеле алардын табити кандай?

Сулайман Рысбаев: Туура, өзүң айткандай, Турар Кожомбердиев, Каныбек Жунушев баштаган жазуучулардын балдар үчүн мыкты ырлары бар. Мындай элестүү балдар адабияты – биздин мыкты казына. Ошондой эле Байтемир Асаналиев, Токтосун Самудинов, Ысмайыл Кадыровдор орустун Маршак, Чуковский, Михалковдорундай эле бар, биздин балдар адабиятын түптөгөндөр ушулар. Булардын тематикасы да бай. Мен башталгыч класстын “Алиппесин”, кыргыз тили, адабияты окуу китептерин түзгөн киши катары айтып берейин. Окуу китептерге бул авторлордун онго жакын чыгармалары кирген. Азыр деле бул калемгерлердин мыкты эмгектерин таасирленип окуган жаңы муун өсүп келе жатат. Бул эми мектептеги мугалимден да көз каранды экен. Айрым мектептердеги башталгыч класстардын мугалимдери балдарга китеп окутуунун, кызыктыруунун жолдорун издеп таап, балдарды жакшы тарбиялап жатканын байкайм. Маселен, №5 мектептин Асанкадырова деген мугалими жеткинчектерге жакшынакай аңгемелерди, ырларды жаттатып, көркөм окутуп жүрөт.

Балдар акын-жазуучулары: Сулайман Рысбаев, Байтемир Асаналиев, Ысмайыл Кадыров.
Балдар акын-жазуучулары: Сулайман Рысбаев, Байтемир Асаналиев, Ысмайыл Кадыров.

- Ысмайыл агай, мына элестүү ырлар жөнүндө сөз болуп калбадыбы. Кыргызстанда D Billions деп аталган чыгармачыл топ шаңдуу ыр-бийлердин коштоосунда англисче, орусча мультфильмдерди тартып, өздөрүнүн ютуб каналы аркылуу дүйнөнүн булуң-бурчунан миллиондогон көрүүчүлөрдү топтоп жатат. Кийинки учурда кыргызча да контент жаратышууда. Айтайын дегеним, биздин балдар калемгерлери ушундай топ менен бирге иштеп, балдар үчүн жазылган кыргыз тилиндеги мыкты эмгектерин видеолоштурса дагы да таасирдүүрөөк болот беле?

Ысмайыл Кадыров: Туура. Бул абдан эле жакшы нерсе окшойт. Себеби азыр балдар техниканын тилин жакшы билип өсүп жаткандыктан, биз, жазуучулар да ушул тармакты колдонуп, балдардын көңүлүн ошол жакка буруп койсок абдан жакшы болор эле. Эми буга да аракет болуп атат. Мисалы, жакында эле “Кыргыз тили” гезитине менин “Булар кимдер?” деген ырлар түрмөгүм чыккан. Аны Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрөгасы Мелис Мураталиев Фейсбукка да чыгарып турууну сунуш кылып, жумасына бирден ырымды жарыялап атышат. Учурда жакшы пикирлер айтылып-жазылып жатыптыр.

- Байтемир агай, сиздин бүтүндөй өмүрүңүз ушул балдар адабиятына арналыптыр. Балдар үчүн жазуунун түйшүгүн айтып бербейсизби? Эң башкысы, эмнелерге көңүл бурулушу керек?

Байтемир Асаналиев: Бул балдар үчүн жазган акын-жазуучунун өзүнүн табиятындагы нерсе окшойт. Автор чын дилинен балдарга жакын болуп, алардын ой-кыялдарын, психологиясын, сүйлөө манерасын сезе билиш керек. Өзүм илгери “Мектеп” басмасында иштеп, биринчи китебим да балдарга арналды. Чыкканда эле окурмандар тарабынан жакшы кабыл алынды. Биз айтып атпайбызбы, артыбызда балдар үчүн жазган жаш авторлор бар деп, албетте, эл болгондон кийин чыга берет. Бирок мен көп жыл “Байчечекей” журналында иштедим да. Ай сайын бир санын даярдачубуз. Ошондо редактор тапшырма берет да, өзүбүздүкүн эле чыгара бербей, башка акын-жазуучулардыкын да чыгаралы деп. Аттуу-баштуу эле айрым калемгерлер “макул, аракет кылып көрөйүн” деп убада берчү, анан “кыйын экен, жаза албай койдум” деп эле баш тартышчу. Демек, балдар адабиятын баары эле жаза албайт.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG