Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Трамп Луизиананын губернаторун Гренландия боюнча чабарманы кылып дайындады


Гренландия.
Гренландия.

АКШнын президенти Дональд Трамп Луизиана штатынын губернатору Жефф Лэндрини Гренландия боюнча өзүнүн атайын чабарманы кылып дайындады. Ал бул арктикалык аралды Кошмо Штаттарынын аймагына кошуу жаатында иш алып барарын билдирди.

Трамп Лэндри Кошмо Штаттарынын улуттук коопсуздугу үчүн Гренландия канчалык маанилүү экенин түшүнөрүн, Вашингтондун кызыкчылыгын көздөрүн белгиледи.

Лэндри Х социалдык тармагы аркылуу Трампка ыраазычылык билдирип, Гренландияны АКШнын бир бөлүгү кылууга болгон аракетин жасарын жазды.

Трамптын чечимин Даниянын бийлиги сынга алып, АКШнын Копенгагендеги элчиси чакыртыларын билдирди.

Трамп Гренландияны АКШга алуу планы тууралуу ачык эле айтып келет. Ал Даниядагы падышалыкты аралды өткөрүп берүүгө көндүрүү үчүн аскердик же экономикалык күч колдонууну жокко чыгарган эмес.

Буга чейин Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен Гренландия сатылбасын, арал Дания падышалыгынын бир бөлүгү экенин билдирген.

Аралда 57 миң калк жашайт жана ал Даниянын бөлүгү болуп келгени менен гренландиялыктар ички маселелерин өздөрү тескейт.

Гренландиянын лидери, Даниядан көз карандысыздык үчүн күрөштү активдештирген премьер-министр Муте Эгеде да арал сатылбай турганын, эл өз тагдырын өзү чечиши керек экенин бир нече жолу айткан.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG