Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Кыргызстандын 2026-жылдагы консолидациялаган бюджети 843 млрд сом болот деп сунушталууда


Кыргызстандын Өкмөт үйү жана сом. Коллаж. Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Кыргызстандын Өкмөт үйү жана сом. Коллаж. Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Кыргызстандын 2026-жылдагы консолидацияланган бюджети 843 миллиард сомдон ашат деп пландаштырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитеттеринин кийинки жылдын бюджетин караган биргелешкен жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Ал кийинки жылы бул каражатты 1 триллион сомдон ашырууга аракет көрүлөрүн убада кылды.

Консолидацияланган бюджеттин кирешеси 551,2 миллиард сомду түзсө, чыгашасы 550,8 миллиард сомду болот деп сунушталды. Мындай жол менен өкмөт кийинки жылы 400 миллион сомдон ашык профицит менен чыгууну көздөп жатат.

Бюджеттин 460,8 миллиард сому салыктык кирешелерден түшөт, анын ичинен Салык кызматына 318,2 миллиард сом, Бажы кызматына 142,6 миллиард сом чогултуу планы коюлду.

Ал эми консолидацияланган казынадан 230 миллиард сомдон ашык чыгаша социалдык багытка, 183 миллиард сомдон ашыгы экономиканын реалдуу секторуна жумшалат. Мунун ичинен капиталдык салымдарга 27,7 миллиард сом, Барскоон-Бедел жолун куруу сыяктуу долбоорлорго 17 миллиард сомдон ашык каражат коротуларын Адылбек Касымалиев кошумчалады.

Өкмөт башчы 2025-жылы ички дүң продукциянын өсүү темпи 10,8 пайызды түзүп, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн арасынан биринчи орунга чыкканын, кийинки жылы да бул темпти кармоого аракет болорун билдирди.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG