Кесиптик кошуундар федерациясынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мурдагы төрагасы А.Т. жана “Красная гвоздика” балдар лагеринин мурдагы директору Б.Б. коррупцияга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.
Атайын кызмат алар Аламүдүн районундагы “Красная гвоздика” балдар лагерин жана Ак-Суу районунда жайгашкан “Ак-Суу” эс алуу үйүн мыйзамсыз ээликтен ажыратуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип кармалганын кабарлады.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен иш козголуп, тергөө уланып жатат. Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Шектүү тараптын жактоочулары жана жакындары комментарий бере элек. (TSh)
Шерине