Ноокат районундагы Көк-Жар айылында жайгашкан "Көк-Жар инновациялык орто мектебинин" 10-классынын окуучусунун апасы социалдык тармактар аркылуу бийликке кайрылып, кызы сабалган окуяны териштирүүнү өтүндү.
Ал 2024-жылы 19-декабрь күнү Малика аттуу кызын классташ кызы сабак учурунда сабап, мурдун сындырып койгонун, кызы ооруканада мурдуна операция жасатканын айтты.
"Менин кызымды классташтары, алардын башында Зейнеп аттуу кыз турат экен, сентябрдан бери эле "кедейсиң, акчаң жок" деп кемсинтип, басмырлап келиптир. Кызым бул тууралуу класс жетекчисине айтып, башка класска которуп коюусун суранган экен, бирок эжекеси аны укпай койгон. Жыйынтыгында мектепте сабак учурунда мугалимдер жоктугунан пайдаланып, Зейнеп деген кыз менин кызымды уруп, тепкилеген", - дейт апасы.
Бул окуя боюнча аталган мектептин жетекчилиги, мугалимдер, жергиликтүү бийлик, Билим берүү жана илим министрлиги маалымат бере элек.
Ал эми Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Азаттыкка" комментарий берип, факт боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады. Иш Ноокат райондук ички иштер бөлүмүндө 280-берене ("Бейбаштык")менен козголгон. Бирок Кылмыш-процессуалдык кодексинин 467-беренеси ("Баланы кылмыш-жаза сот өндүрүш тутумунан чыгаруу") менен иш токтотулган.
"2024-жылы 19-декабрь күнү Көк-Жар айыл аймагында жайгашкан “Көк-Жар инновациялык мектебинин” окуу классында өз ара пикир келишпестиктен улам 2008-жылы туулган К.З., жашы жете элек 2010-жылы туулган А.М.ди жүзүнө уруп, денесине жаракат келтирген. Натыйжада А.М. жаракатынан улам райондук аймактык оорукананын сынык-жаракат бөлүмүнө кайрылган. Тергөөнүн жүрүшүндө К.З.га Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүмүндө ("Бейбаштык, башкача айтканда зомбулук кылуу, же болбосо аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо кара ниеттиги менен айырмаланган орунсуз аракеттерди жасоо, башкача айтканда башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу менен коштолгон, же өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу эмес зомбулукту колдонуу, же аны колдоном деп коркутуу менен коштолгон коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин атайылап бузган аракеттер") көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен айыбы угузулуп, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 27-беренеси ("Кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдайлар") боюнча кылмыш ишин токтотуу чечими кабыл алынган. Кабыл алынган чечимди райондук прокуратура мыйзамдуу жана негиздүү деп тапкан", - деп жазылган милициянын маалыматында.
Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар көбөйүп жатат. ИИМдин маалыматына караганда, 2024-жылы балдар өлүмү менен коштолгон өспүрүмдөрдүн эки мушташы катталса, 2025-жылдын башынан берки 1,5 айда үч окуя катталды. Бул иштер боюнча тергөө жүрүп жатат.
Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары катышкан бул окуялар боюнча мугалимдер, жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын билдирүүдө.
ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылы он айда Кыргызстанда 75 бала өз жанын кыйган. Алардын жакындары балдары мектептеги чоңсунуудан улам суицидге барганын айтышса, милиция аны төгүндөгөн. (ZKo)
Шерине