Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:44

G7 Украинадагы согуштун үч жылдыгына байланыштуу коммюникени жумшартты


G7ге кирген өлкөлөрдүн жана Евробиримдиктин желеги
G7ге кирген өлкөлөрдүн жана Евробиримдиктин желеги

"Чоң жети" Орусия Украинаны басып киргенинин үч жылдыгына карата даярдаган коммюникенинин (эл аралык документ) баштапкы версиясын жумшартаканы белгилүү болду. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги кабарлады.

Басылма жазган макалада документти макулдашуудагы кыйынчылыктар АКШ менен Орусиянын согушту Украина жана Европасыз токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу сөз жүргөн учурга туш келди. Буга чейин коммюникенин баштапкы долбоорунан Украинанын Түндүк Атлантика аскердик альянсы менен интеграциясы, Орусиянын баскынчылыгынын "мыйзамсыздыгы" жана орус мунайына болгон бааларды чектөө боюнча көрсөтмөлөр жөнүндө бөлүгү алынган.

Баштапкы версия "Украина үчүн бекем коопсуздук кепилдиктери, аскерлери жана ресурстары, ошондой эле макулдашууларды күчтүү эл аралык көзөмөлдөө" аркылуу тынчтыкка чакырган. Маалыматка караганда азыркы өзгөрүүлөрө ылайык, бул формулировка жумшартылып, документте "Украинанын Евробиримдиктин коопсуздугуна жана интеграциясына бекем кепилдиктерди" гана калтырды.

Bloomberg менен сүйлөшкөн дипломаттар учурда "Чоң жети" документтин үстүндө иштөөнү улантып жатканын жана дагы башка өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экендигин билдирди.

“Чоң жетинин” курамына Италия, АКШ, Канада, Жапония, Франция, Германия, Британия кирет. Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан кийин андан чыгарылган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG