Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

ЕБге мүчө өлкөлөр Орусияга каршы санкциялардын 16-айлампасын макулдашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Евробиримдикке мүчө мамлекеттер Орусияга каршы санкциялардын 16-айлампасын макулдашты. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Брюсселдеги кабарчысы 19-февралда билдирди.

Долбоорго ылайык, Евробиримдик Орусиядан суюлтулган газ сатып алууга толук чектөө киргизбейт. Болгону Еврошаркеттин газ бөлүштүрүүчү системасына кошулбаган терминалдарды Орусиянын көгүлтүр оту менен толтуруу токтотулат. Бул чара деле орус импортуна олуттуу сокку урушу мүмкүн экени белгиленет.

Андан тышкары ондогон адамдарга жана юридикалык тараптарга санкция салынат. Орусиянын алюмминий импортуна чектөө киргизилет. Bloomberg басылмасынын жазышынча, чектөөлөр акырындап иштеп баштайт. Европа мамлекеттери Орусиядан дагы бир жылдай квота системасы аркылуу алюминий сатып алууга мүмкүнчүлүк бар.

Ошондой эле жаңы айлампанын алкагында Орусияга PlayStation жана Xbox деген оюн каражаттарын алып барууга тыюу салынат. Шаркет өкүлдөрүнүн жүйөсүнө караганда Москва бул аппараттарды дрондорду башкаруу үчүн пайдаланып жатат.

Евробиримдик буга чейин Орусиядан көмүр жана мунай сатып алууну дээрлик токтоткон. Ал эми айрым Европа мамлекеттери орус газына абдан көз каранды болгондуктан азырынча көгүлтүр отту импорттоого толук чектөө киргизиле элек.

Москва санкцияларды натыйжасыз жана мыйзамсыз деп мүнөздөп, аларды такыр алууну талап кылып келет. Кремль жакында эле билдиргендей, Батыштын санкциялары Украинадагы согушту токтотуу боюнча АКШ менен Орусия ортосунда башталган сүйлөшүүлөргө кедергисин тийгизбейт.

Шерине

XS
SM
MD
LG