Британиянын премьер-министри Кир Стармер келерки аптада АКШ президенти Дональд Трампка Орусия менен тынчтык келишими түзүлгөндөн кийин Украинага европалык өлкөлөрдөн 30 миңдей аскер жайгаштыруу планын сунуштайт. Бул тууралуу Telegraph гезити өз булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, аскерлерди жайгаштыруу Украинада тынчтык келишимин аткарууга кепилдик болот.
Стармер келерки аптада Трамп менен жолугушуу үчүн Вашингтонго барары күтүлүүдө. Буга чейин британ өкмөт башчысы Лондон Украинага тынчтык орнотуу миссиясынын алкагында өз аскерлерин жөнөтүүгө даяр экенин билдирген. Европанын башка лидерлери мындай билдирүүлөрдү ачык айткан да, четке каккан да эмес.
The Telegraph Стармер сунуштайт деп күтүлүп жаткан планында эгер Орусия ок атышпоо келишимин бузса, АКШ кепилдик бериши керек. Мындай учурда Борбордук жана Чыгыш Европадагы америкалык истребителдер жана ракеталар жооп кайтарууга даяр болот деп болжолдонууда.
Макалада Кир Стармердин планын Франция да колдоору, ал дүйшөмбү күнү Парижде НАТОнун баш катчысынын катышуусунда Евробиримдиктин ири өлкөлөрүнүн жана Британиянын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда талкууланганы жазылган. Буга чейин Трамп Украинанын коопсуздугунун негизги кепили Евробиримдиктин өлкөлөрү болушу керектигин бир нече жолу баса белгилеген.
The Telegraph гезити жазгандай, европалык аскерлер Украинанын ири шаарларында, портторунда жана атомдук электр станциялары сыяктуу башка маанилүү инфраструктуралык объектилерде жайгашат. Миссияга ошондой эле байкоочу жана чалгындоочу учактар, дрондор жана спутниктер тартылып, «болуп жаткан окуялардын толук масштабын» көрсөтөт. Жол кыймылынын эркиндигин камсыздоо үчүн Кара деңизге кайгуул кемелери да жөнөтүлөт.
Британ өкмөтү басылмала жарыялаган пландын аныктыгын расмий тастыктай албайт.
Украинадагы согушту токтотуу маселеси АКШда президент Дональд Трамп кызматка киришкени күч алды. 18-февралда Сауд Арабиясында Америка менен Орусиянын башкы дипломаттарынын биринчи жолугушуусу өттү. Ушул эле күнү Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Украинадагы "согушту токтотуу келишимине жетишерине терең ишеничте" экенин билдирди. (AiA)
Шерине