Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

Орусиянын Самара облусунда мунай заводу дрон чабуулуна кабылды


Орусиядагы мунай иштетүүчү завод. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы мунай иштетүүчү завод. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Самара облусундагы Сызран мунай иштетүүчү заводу 19-февралда дрон чабуулуна кабылды. Бул тууралуу аймак башчысы Вячеслав Федорищев Телеграм аркылуу маалымдады. Ал чабуулду Украинадан көрүп, жабыркагандар жок экенин кошумчалады.

Күбөлөрдүн айтымында, учкучсуз аппараттардын кол салуусунан кийин мунай заводунда өрт тутанган. Сызран мунай иштетүүчү заводу 1942-жылы ачылган. Учурда ал "Роснефть" компаниясынын курамына кирет.

Орусиянын Коргоо министрлиги 19-февралга караган түнү үч жолу дрон чабуулунун мизин кайтарганын кабарлады. Казан, Нижнекамск, Ижевск, Кировск жана Ульяновск шаарларында аба каттамдар убактылуу токтотулганын бир катар Телеграм-каналдар жазышты. Буга чейин ASTRA каналынын журналисттери соңку эки айда Орусияда дрондордун кол салуусуна 17 мунай заводу дуушар болгонун эсептеп чыгышкан.

17-февралда Казакстандан мунай экспорттогон "Кропоткинская" станциясы дагы дрондордун кол салуусунан жабыркап, ишин токтотууга аргасыз болгон. Маалыматка караганда, мындан улам Казакстандан мунай экспорттоонун көлөмү азайышы мүмкүн.

Украин бийлиги Орусиядагы мунай заводдоруна жасалган соккулар үчүн айрым учурда кыйыр түрдө жоопкерчилик алып, алардын баары орус армиясынын муктаждыгы үчүн иштеп жатканын белгилеп келет.

Орусиянын армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан сокку урат.

Шерине

XS
SM
MD
LG