Жогорку Кеңештин бир нече депутаты адистиги боюнча жогорку билими жок психологиялык кызматтарды жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоорун даярдашты."Жарнама жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.
Долбоордун негиздемесинде учурда психологдорго кайрылгандар көбөйүп, кызмат көрсөткөндөрдүн арасында атайын билими жоктор адамдын психологиялык саламаттыгына терс таасирин тийгизип жатканы айтылат.
“Учурда тиешелүү кесиптик даярдыгы жок болсо да курс, тренинг жана кеңеш берүү сыяктуу психологиялык кызматтарды көрсөткөн адамдардын саны өсүп жатканы байкалууда. Мындай кызматтардын жарнамасына көзөмөлдүн жоктугу алдамчылыктын жайылышына алып келиши мүмкүн. Көптөгөн өлкөлөрдө тиешелүү окутуусуз жана лицензиясыз психологиялык кызмат көрсөтүүгө мыйзам жол бербейт”, - деп жазылган негиздемеде.
Кыргызстанда бир нече жогорку окуу жайда психолог адистер даярдалат. Бирок алар каттоодон өтүп, тескелбейт. Социалдык тармактарда психолог кызматын сунуштагандар арбын.
Буга чейин Жогорку Кеңеш “Жарнама” мыйзамына өзгөртүү киргизип, көзү ачык, бүбү-бакшыларды жарнама кылууга тыюу салынган. (TSh)
Шерине