Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова парламенттин 19-февралдагы отурумунда Салык кодексинин өзгөрүүсү менен ишкерлерге бир топ кыйынчылыктар жаралып жатканын белгилеп, ушундай учурда алардын кызыкчылыгын коргоочу бизнес-акыйкатчы институту унчукпай жатканын сынга алды.
"Бизде деген бизнес-акыйкатчы бар. Бирок ушул убакка чейин мен Салык кодекси тууралуу алардан бир да сунуш же сын уга албадым. Эмнеге алар унчукпай отурат? Эмне үчүн иштебейт?" - деди Кожокулова.
Кыргызстанда ишкерлердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоп, коррупцияны азайтуу жаатында иштей турган бизнес-акыйкатчы институтун түзүү боюнча токтом 2018-жылы 31-декабрда чыккан. Анын ишмердиги Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын акционерлеринин атайын фондунан каржыланып келген.
2019-жылы бизнес-акыйкатчы болуп Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд-Смит шайланган. 2022-жылы сентябрда көзү өтүп кеткенине байланыштуу анын милдетин аткаруу Соода-өнөр жай палатасынын мурдагы төрагасы Нурлан Мүсүралиевге жүктөлгөн.
2022-жылы сентябрь айында бизнес-акыйкатчы мамлекеттик органдардын ишкерлерге басымы боюнча даттануулар көбөйгөнүн билдирип, бийликке кайрылганы бар.
2023-жылы апрель айында Европа реконструкцилоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы бизнес-акыйкатчы институтун каржылоону токтотконун маалымдаган.(ZKo)
Шерине