Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

Майыптыгы барлардын жардамчыларына бир жылда жалпы 131 млн сомдук айлык акы төлөндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2025-жылдын 1-февралына карата Кыргызстанда майыптыгы бар адам караган 14 700 жеке ассистентке айлык акы катары 131 млн 300 миң сом төлөнүп берилди. Бул тууралуу 19-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Мунун ичинен 16 млн 700 миң сом алардын камсыздоо полисин жабууга сарпталган.

Бүгүнкү күндө жеке ассистенттин кызматынан 15 миңге чукул адам пайдаланууда. Алардын ичинен 9,5 миңи майыптыгы бар балдар, 5,5 миңи бала чагынан бери 1-топтогу майыптыгы бар чоң адамдар.

Министрлик жеке ассистенттерге төлөнгөн акча быйыл былтыркыга караганда 27 млн сомго көп экенин билдирди.

2024-жылдын 1-июлунан тарта көмөкчүлөргө ай сайын 7 681 сом төлөнүп келе жатат.

"Жеке ассистент" кызматы 2019-жылдан баштап бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж, майыптыгы бар адамдарга көрсөтүлөт. Башында мамлекет аларга 4900 сом төлөп берсе, 2022-жылы бул сумма 6268 сомгө көтөрүлгөн.

Аталган министрликтин быйыл апрелдеги эсебинде Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын саны 216 миңден ашуун. Анын 37 миңдейи 18ге толо элек балдар. Мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга мамлекет ай сайын 4-8 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул жана пенсия берет.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG