Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

УКМК сот аткаруучулар түзүп алган жемкорлук схемасына бөгөт коюлганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун айрым сот аткаруучу кызматкерлери уюштурган туруктуу коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюлганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы 19-февралда маалымдагандай, тергөөнүн жүрүшүндө сот аткаруучулар А.А.А. жана М.Т.С. жарандардан опузалап акча талап кылып, алуу үчүн түрдүү шарттарды түзүшкөнү аныкталган.

"Жарандык талаш-тартыштарды кароонун жыйынтыгы боюнча сот чечими, адатта, тараптардын биринин пайдасына чыгарылат жана сот аткаруучулар анын кызыкчылыгы үчүн белгилүү бир аракеттерди жасоого милдеттүү (камакка алуу, карызды өндүрүү, карызды кайтарууга көмөктөшүү ж.б.). Бирок А.А.А. жана М.Т.С. бул процессти создуктуруп, аларга мыйзамсыз акчалай сыйлык берилмейинче өз функционалдык милдетин аткарышкан эмес", - деп жазылган маалыматта.

18-февраль күнү козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кызматкерлер Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча шектелип, кармалышты, ошол эле күнү УКМКнын тергөө абагына камакка алынышты.

Коопсуздук кызматы бул схемага аралашкан башка кызматкерлерди аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары улантылып жатканын кошумчалады.

УКМК мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыгына каршы келген коррупциялык жана башка кылмыштарды алдын алуу максатында жемкорлукка аралашкандарга жеңилдетүүчү нормалар жоюлганын, эми айып пул менен кутулуп, бир аз убакыттан кийин кызматка кайтууга мүмкүнчүлүк болбосун эскертти.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат. Коррупциялык кылмыш жасагандар айып пул төлөп жазадан кутула албайт. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG