Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:54

Депутат Айсулуу Мамашова өкмөттү кризистик борборлорду каржылоого чакырды


Айсулуу Мамашова.
Айсулуу Мамашова.

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова өкмөттү зордук-зомбулуктан качкан кыз-келиндер убактылуу баш калкалоочу кризистик борборлорду каржылоого чакырды. Депутат бул тууралуу парламенттин 19-февралдагы отурумунда айтты.

Ал кризистик борборлор негизинен АКШнын донорлору аркылуу каржыланып келгендигин, аталган өлкөдө каржылык саясат өзгөрүп жатканын, ошондуктан каржылоосуз калганын белгиледи.

"Эми өкмөт өзү каржылашы керек, мамлекеттик кризистик борборлорду иштетүү зарыл. Аларды иштетүүгө да каражат керек. Аялдар үй-бүлөлүк зомбулуктан качып, балдары менен баш калкалап келишкен кризистик борборлор баары ижарада, ал жерде баш калкалоого бош орун жок. Анткени зордук-зомбулук аябай көбөйүп, кризистик борборлорго кыз-келиндер батпай кетти. Анткени алардын башка бара турган жери жок".

Айсулуу Мамашова Бишкекте ачылган мамлекеттик кризистик борбор каражаттын жоктугунан иштебей турганын эскертип, бюджеттен каржы бөлүүнү талап кылды. Ал кыз-келиндер эң көп зордук-зомбулукка кабылган Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бир да кризистик борбор жоктугун белгиледи.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, кризистик борборлор сунуштаган долбоорлорго мамлекеттен 115 млн сом каралган. Расмий маалымат боюнча, жыйырмадан ашык кризистик борбор үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөтөт.

Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4 212 окуяга көп.

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG